КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

№1 тергөө изоляторунда медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн тергөөдөгү адам каза болду

№1 тергөө изоляторунда медициналык жардам көрсөтүлбөгөндүктөн тергөөдөгү адам каза болду

Кыргызстандын кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбору (КР КАУБ) жабык мекемелерде кармалып жаткан туткундарга өз убагында медициналык жардам көрсөтпөө фактылары көбөйүп жатканына тынчсызданат.

№1 тергөө изоляторунда жаткан 1955-жылкы К.Инин кызыкчылыгын жактоочусу А.Э арыз менен КР КАУБга кайрылган. КР Кылмыш -жаза кодексинин 267 –беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмышка шектелген жаран ден соолугунун кескин начарлап кеткендигине байланыштуу ЖАМКнын №47 мекемесине которууну суранган. Бирок, анын жактоочусунун тергөө органдарына жана №1 тергөө изоляторунун жетекчилигине берген өтүнүчтөрү эске алынган эмес.

Жыйынтыгында, медициналык жардамдын өз убагында көрсөтүлбөгөндүгүнүн жана адистештирилген медициналык мекемеге которуу өтүнүчтөрүнө көңүл бурулбагандыгынын натыйжасында, ал киши диабетикалык комага түшүп калган. 26 –июлда аны оор абалында №47 жаза аткаруу мекемесине тез жардам менен жеткирилип, ал 10 күндөн кийин каза тапкан. Анын алдын ала диагнозу: курч дем алуунун жетишсиздиги, 1-типтеги кан диабети, диабеттик полинейропатия, буттун диабеттик синдрому, гипогликемиялык кома, баш мээнин шишиги, баш мээдеги кан жүгүрүүнүн бузулушу.

«Өкмөттүн 2011-жылдын 29-ноябрындагы “Түрмөгө кесилген, катуу оорудан жапа чеккендерди медициналык кароодон өткөрүүнүн тартибин бекитүү жана аларды кийинки жазадан бошотууга берүү жөнүндө” №745 токтомуна карабай, Азиз Батукаевдин  чуулгандуу ишинен улам, оор абалда соттолгондор менен айыпталуучулардын көбү эркиндикке чыгарылбай келет. Соттор, дарыгерлер, прокурорлор да жоопкерчиликти өз мойнуна алуудан кооптонуп, натыйжада эл кыйналып жатат. Көпчүлүк учурларда, катуу оорулуу туткундар шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга туура келген кезде гана бошотулат», – деп белгилешти, Кыргызстандын кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбордон.

Ушуга окшош окуя 4 -стадиядагы рак диагнозу коюлган соттолгон адам менен болгон. Аял ден соолугуна байланыштуу эмес, шарттуу түрдө экриндикке чыккан. Бирок ал  бошонгондон бир айдан кийин каза болуп калган. Ушундай эле жагдайлар Кыргызстандагы башка жабык мекемелерде да болуп жатат.

Бүгүнкү күндө №2 аялдардын түзөтүү колонниясынын медсанитардык бөлүмүндө оор абалда Р.М жана Т.Длар жатышат. Биринчи оорулуу колониядан 4 жолу инсульт алган, 3 -даражадагы артериялык гипертония, бөйрөк жетишсиздиги, аорта жана мээ артерияларынын атеросклерозу жана 2 -даражадагы дисциркулятордук энцефалопатия менен жабыркайт. Аял кан басымынын жогорулашына, дайыма баштын оорушуна, бутунун шишигине арызданат. Акыркы эки жылдан бери ал балдак же майыптар арабасында гана жүрө алат. Ага жазылган дары -дармектердин көбү медициналык бөлүмдө жок болгондуктан, туугандары жиберип турушат.

Экинчи соттолгон аял дагы дайыма медициналык жардамга муктаж. Анын мээсинде шишик бар экени аныкталган. Анын да башы бат-бат ооруп, талма оорусу менен жабыркайт. Ооруну басаңдатуучу дарылар жардам бербейт.

Кыргызстандын кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбору жаза аткаруу тутумунун органдарынан бул фактыларга көңүл буруп, ооруга байланыштуу адамды бошотуу укугун урматтоону суранат.

Кыйноолор боюнча билдирүү