КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Алдамчылыкка шектелген Гүлзат Мамытбек кызы тергөө изоляторунда ачкачылык жарыялады

Алдамчылыкка шектелген Гүлзат Мамытбек кызы тергөө изоляторунда ачкачылык жарыялады

16-ноябрда Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун (КАУБ) кызматкерлери Бишкектеги №1- тергөө изоляторуна алдын ала текшерүү иш-чарасы менен болушту.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, КР КАУБнын өкүлдөрү алдамчылыкка шектелип кармакта отурган блогер айым Гүлзат Мамытбек кызы ачкачылык жарыялагандыгын билишти.

«Жеке сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ал 2021-жылдын 14-ноябрынан бери тамак-аштан баш тартып, системага нааразылыгын билдирип жаткандыгын айтты. Айыпталуучунун пикиринде, ага негизсиз айып тагылып жатат жана анын маселеси жарандык тартипте каралышы керек болчу. Анын айтымында, муну тастыктаган бардык документтер бар. Мындан тышкары, ал ЖАМК жана ИИМ мекемелериндеги кармоо шарттарынын канааттандырарлык эмес экендигин, айрыкча, өз убагында кат-кабарлардын жөнөтүлбөгөндүгү жана кызматкерлердин орой мамилесине нааразычылыгын билдирди», – деп билдиришти КАУБ өкүлдөрү.

Ошол эле учурда тергөө изоляторунун жетекчилиги борбордун өкүлдөрү менен баарлашып жатып, Гүлзат Мамытбек кызынын бардык маалым каттары ыкчам түрдө дарегине жөнөтүлүп жатканын тастыктады. Кармалып отурган айым Кыргызстандын президентине, ошондой эле УКМКга, Акыйкатчы институтуна, БУУга жана АКШ менен Түркиянын КРдагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кайрылуу жолдогон. Текшерүү тобунун катышуусунда, №1 тергөө изоляторунун жетекчиси 16-ноябрда Гүлзат Мамытбек кызы даярдаган каттарды кечиктирбей жөнөтүүнү өз кызматкерлерине тапшырды.

Кыйноолор боюнча билдирүү