КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

«Антисанитария жана жашоого коркунуч жараткан шарттар»: Ош шаарындагы «Лотос” балдардын үйбүлөлүк үйүндө тарбиялануучулар кандай жашашат

«Антисанитария жана жашоого коркунуч жараткан шарттар»: Ош шаарындагы «Лотос” балдардын үйбүлөлүк үйүндө тарбиялануучулар кандай жашашат

Кыйноолорду жана башка катаал мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КРнын Улуттук борборунун (КР КАУБ) Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери: КР КАУБнын өкүлүнүн м.а. Улугбек Абдулазимов, координациялык кеңештин мүчөсү Мухае Абдураупова жана эксперт Улан Бакировдор 16-декабрда “Лотос” балдардын үйбүлөлүк үйүндө пландуу ар тараптуу текшерүү жүргүзүштү.

Бир кабаттуу имаратта 4 жаштан 16 жашка чейинки 12 жетим бала жашайт. Балдарды багуу жана тамактандыруу үчүн каражатты Ош шаардык билим берүү башкармалыгы бөлүп берет. Окуучуларды эки адам: тарбиячы жана мекеменин директору көзөмөлдөйт.

«Тарбиялануучулардын жашоо шарты эч кандай санитардык талапка жооп бербейт: жарака кеткен дубалдарда илинген электр чубалгылары, тытылган туш кагаздар. Ар кайсыл жерде таштандылар жатып, бардыгы кир. Ашканада бир ай мурда жасалган тамак-аштын калдыгы жерде жатып, жагымсыз жыт турат. Жарака кеткен же кемтиги бар идиштер. Жуунуучу жердеги суу түтүктөрү жарактан чыккан. Балдардын жунуу процедуралары кантип ишке ашырылаары тууралуу сураганымда, бир бала душта жуунуп жатканда экинчиси жогорудан суу куюуп турат, анан кезектешип жуунушат, деп түшүндүрүштү. Уктоочу бөлмөдөгү төшөнчү, жаздыктар эскилиги жеткен. Шейшептери да жок, – дейт КР КАУБнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча өкүлүн м.а. Улугбек Абдулазимов.

Анын айтымында, имарат жалпысынан капиталдык оңдоого муктаж болгону менен, балдар үйүнүн администрациясы өз милдетине шалаакылык мамиле жасап, адамдык ар-намысты басмырлаган, балдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурган шарттарды түзүп жатканын белгиледи.

«Тамдын төбөсүндөгү желени алып, чаңды сүртүү, таштандыларды ыргытып, полдорду тазалап жууп кою көп деле күчтү талап кылбайт. Эң жөнөкөй мисал, администрация жарым жылдан бери автоматтык кир жуугуч машинаны колдонбойт, анткени аны иштетиш үчүн электрикти чакырып, электр чубалгыларын оңдоо талап кылынат. Кирди колго жуушат. Дагы жакшы балдар тоңуп жатышкан жок. Октябрь айында жылуулук системасы толугу менен жаңыланып, жылуулук түтүктөрү алмаштырылган. Ошондуктан, үй жылуу, – дейт борбордун түштүк аймагы боюнча өкүлү.

«Лотос» балдардын үйбүлөөлүк үйүнүн жетекчилигине андагы көйгөйлөрдү тезиреек чечүү боюнча сунуштар берилди. Андагы мүчүлүштүктөр боюнча түзүлгөн материалдар тиешелүү органдарга текшерүү жана чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлдү.

Кыйноолор боюнча билдирүү