КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору шайланды.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун директору шайланды.

2020-жылдын 17-18-августунда «Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн.алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-, 11-беренелерине ылайык, Улуттук борбордун директорунун жана кызматкерлеринин конкурстук тандоосу болуп өттү.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин чечими менен Рысбеков Бакыт Токталиевич директор болуп шайланды.

Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча Координациялык кеңеш тарабынан бош кызмат орундарына дайындоо үчүн Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун директоруна төмөнкү кызматкерлер сунушталды:

  1. Алдын ала баруу бөлүмүнүн бөлүм башчысы – Касымкулов Бактыбек Бийгазиевич.
  2. Координациялоо, уюштуруу жана аналитикалык иштер бөлүмүнүн бөлүм башчысы – Суюмбаев Аскар Абирович.
  3. Алдын ала баруу бөлүмүнүн эксперти – Мамытов Аляскар Апышевич.
  4. Координациялоо, уюштуруу жана аналитикалык иштер бөлүмүнүн эксперттери – Калугина Полина Анатольевна, Кемелбеков Баатыр Кемелбекович, Маматова Айжаркын Азизбековна.
  5. Ош шаары жана Ош областы боюнча аймактык өкүлчүлүктүн эксперти – Бакиров Уланбек Абдувалиевич.

Кыйноолор боюнча билдирүү