КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Курсан Асановду №50 тергөө изоляторуна которуу боюнча соттун чечимине КР КАУБ тынчсызданууда

Курсан Асановду №50 тергөө изоляторуна которуу боюнча соттун чечимине КР КАУБ тынчсызданууда

КР кыйноолорду жана башка катаал, аламкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу Улуттук борбору (КР КАУБ) ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановду №50 тергөө изоляторуна которуу тууралуу соттун чечими боюнча башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылды.

КР КАУБ кызматкерлери эркиндигинен ажырагандар кармалган жайларда жүргүзүп жаткан иш сапарлардын учурунда кубо болгондой эле, тигил же бул даражадагы кызматта колдонулуучу же жашыруун маалыматтарга ээлик кылып соттолгон мурдагы мамлекеттик кызматтагылар, укук коргоо органдарынын, аскер кызматынын өкүлдөру жазасын өтөп жаткан башка жарандар менен бирге эле, аралашып кармалып жаткан фактысын өз кайрылуусунда белгилешкен.

Ички иштер министрлигинин мурдагы башчысынын орун басары, милициянын генерал-майору Курсан Асанов соттун чечими менен №50 өзгөчө режимдеги мекемеге которулушу күтүлүүдө. Бул мекеме укук бузууга байланышкан кылмыштарды жасаган деп шектелгендер жана айыпталуучуларды гана кармоо үчүн эмес, өзгөчө оор кылмыш жасаган рецедевисттер үчүн, ошондой эле жаза өтөөнүн белгиленген тартибин кыянаттык менен бузуп, түзөтүү колонияларынан которулуп келген соттолгондор үчүн да каралган.

«КР кыйноолорду жана башка катаал, аламкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу Улуттук борбору Курсан Асанов үчүн кооптуу болушу мүмкүн болгон бул мекемеде анын кармалышына тынчсыздануусун билдирет. Ага карата катаал, адамкерчиликсиз же кадыр -баркты басмырлаган мамиленин болушун алдын алуу маанилүү» – деп КР КАУБ белгилешти.

Кыйноолор боюнча билдирүү