КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кыргыз Республикасынын кыйноолорду алдын алуу Улуттук борбору директор жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча адиси бош орундарга сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын кыйноолорду алдын алуу Улуттук борбору директор жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча адиси бош орундарга сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын кыйноолорду жана башка зомбулук, ырайымсыздык же ар-намысты басынткан мамилелер менен жазалоолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбору

Өз штатындагы кийинкидей кызматтык бош орундарга сынак жарыялайт

  1. Директор
  2. Иш кагаздары боюнча адис

Улуттук борбордун директоруна коюлуу квалификациялык талаптар:

  1. курагы 25тен жаш эмес;
  2. жогорку билим;
  3. жетекчи кызматтарда 3 жылдан кем эмес тажрыйба;
  4. Улуттук борбордун директорлугуна талапкерди тандоодо адам укуктарын коргоо жаатындагы тажрыйбасына артыкчылык берилет.

Улуттук борбордун кызматкерлерине коюлуучу квалификациялык талаптар:

  1. жогорку билим;
  2. юрист, педагог, врач, психолог, психиатр,социалдык кызматкер катары иш тажрыйбасы, ошондой эле жашы жете элек мигранттар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар сыяктуу коомдун аярлуу топтору, этникалык жана тил өзгөчөлүктөрү боюнча азчылыктар менен иштешүү тажрыйбасы, эркиндиги чектелген жана ажыратылган атайын жайларда көзөмөл жүргүзүү жана башкаруу же мониторинг жүргүзүү боюнча кесиптик тажрыйбасы;
  3. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдык тартипте күчүнө кирген катышуучусу Кыргыз Республикасы болуп эсептелген эл аралык келишимдерди, адам укуктары жаатындагы мыйзамдарды жана кызматтык милдеттерди аткарууга тиешеси бар Кыргыз Республикасынын башка укуктук-ченемдик актыларын билүүсү;
  4. аналитикалык жөндөм;
  5. кызмат орунга тандоодо адам укугун коргоо жаатындагы иш тажрыбасына артыкчылык берилет.

Сынакка катышуу үчун зарыл документтердин тизмеги:

  1. Координациялык кенештин төрагасынын атына жеке арыз;
  2. кадрларды каттоо боюнча баракчасы, 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана фотосүрөт;
  3. паспорттун же өздүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү;
  4. кесиптик билимин, иш стажысын жана квалификациясын тастыктаган документтер (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы тууралуу документтердин нотариалдык түрдө же иштеген жеринен персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);
  5. соттолбогондугу тууралуу тиешелүү ички иштер органдарынын справкасы.
  6. мотивациалык кат.

Мурдагы иштеген жеринен, эл аралык жана өкмөттүк эмес укук коргоо уюмдарынан сунуштама кат, англис жана башка чет тилдерин билүүсү кубатталат.

Жогоруда көрсөтүлгөн документтердин туп нускасы сынакка келген учурда көрсөтүлөт.

Сынакка катышуу үчүн зарыл документтер 2017-жылдын 15-декабрына (саат 17:00гө) чейин Бишкек ш., Киев к., 96-А дареги боюнча кабыл алынат.

 

Кыйноолор боюнча билдирүү