КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Конкурс жарыяланат !

Конкурс жарыяланат !

Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр – баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору

«Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жанажазанын тγрлθрγнγн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жонγндθ» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесине ылайык уставдык иш-аракети адам укугун жана эркиндигин коргоо менен байланышкан же адам укугун коргоодо көмөк көрсөткөн коммерциялык эмес (бей өкмөт) уюмдарына Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр – баркты басмырлаган мамиленин жанажазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеӊешинин эки мүчөсγнθ мелдеш (конкурс) жарыялайт.

 

Координациялык кеӊештин мүчөлүгүнө талапкерлигин көрсөтүүчү коммерциялык эмес (бей өкмөт) уюмдарына талаптар:

Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамына ылайык, уставдык иш-аракети адам укугун жана эркиндигин коргоо менен байланышкан же адам укугун коргоодо көмөк көрсөткөн, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик  органдарды жана жергиликүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан түзүлбөгөн, каржыланбаган жана башкарылбаган, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар Координациялык кеӊешке бир адамды  талапкерликке көрсөтүүгө укугу бар.

Чет элдик жарандар жана жарандыгы жок  адамдар, ошондой эле азыркы учурда иштеп жаткан соттор, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жаза аткаруу системасынын кызматкерлери, эркиндигин чектөөчү жайларда алек болгон адамдар (жашы жете элек өспүрүмдөр, аялдар, ден-соолугуна мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, мигранттар, жин оорулуу жана башка өзгөчө жеӊилерлик топтору жогору жайлар), ошондой эле кылмыш иши үчүн соттолгон адамдар Улуттук борбордун Координациялык кеӊешинин мүчөсү боло алышпайт.

 

Коммерциялык эмес (бей өкмөт) уюмдары тарабынан сунушталган талапкерлерге коюлуучу  талаптар:

             Улуттук борбордун Координациялык кеӊешинин курамынын мүчөлүгүнө бей өкмөт уюмдарынын ишмерлеринин талапкерлигин көрсөтүү чечимине тиркелет:

  • талапкердин паспортунун көчүрмөсү;
  • дипломдун көчүрмөсү;
  • тажрыйбасына туура келүүчү ишин аныктоочу эмгек китепчесинин барактарынын көчүрмөсү, же коммерциялык эмес (бей өкмөт) уюмунан иш тажрыйбасын тастыкчоочу кат;
  • коммерциялык эмес (бей өкмөт уюмдун) адам укугун жана эркиндигин коргоо чөйрөсүндө иштөөсү тууралуу уставынан көчүрмөсү;
  • соттолбогондугу тууралуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен маалымат;
  • бей өкмөт уюму тарабынан кандидаттыкка талапкердин акыркы 5 жыл ичинде кыйноолордон азап тарткан, кадыр-баркы басмырланган адамдардын укугун коргоодо юрисдикциялык жөндөмдүүлүгү колдонулгандыгы тууралуу далилдөөчү иш кагазы (документ): кыйноо же кадыр баркты басмырлаган далилдердин негизинде укук коргоо органдарына каттоодон өткөн кайрылуусунун же кыйноо же кадыр-баркты басмырлаган далилдери бар кылмыш иши четке кагылган учурларда каршы чыгып талашкан арызынын көчүрмөсү;
  • бей өкмөт уюмдун акыркы 5 жыл ичинде эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында текшерүү (мониторинг) жүргүзгөндүгү тууралуу отчетунун көчүрмөсү;
  • башка 3 (үч) бей өкмөт умдарынан сунуштар.

 

Документтер электрондук почта аркылуу кабыл алынбайт.

Жободо талап кылынуучу документтердин түп нускалары комиссиянын мүчөлөрү аркылуу салыштырып текшерүү үчүн талапкерлер тарабынан Комиссиянын чогулушунда сунушталат.

Мелдешке (конкурска) катышууга талап кылынган документтер 2018 – жылдын 02-апрелине чейин төмөнкү дарек аркылуу кабыл алынат: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 «А». Байланыш телефондору: (0312) 66-37-14, 0550 425213. Кошумча суроолор боюнча (0312) 66-37-18 телефону менен байланышсаныз болот.

Кыйноолор боюнча билдирүү