КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Чоң-Алай РИИБнин убактылуу кармоочу жайында отургандар кыйноолор тууралуу айтып беришти

Чоң-Алай РИИБнин убактылуу кармоочу жайында отургандар кыйноолор тууралуу айтып беришти

Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча КРнын Улуттук борборунун (КР КАУБ) Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгынын жумушчу тобу 25-декабрда келип түшкөн арыздын негизинде, Чоң-Алай РИИБнин убактылуу кармоочу жайына алдын ала текшерүү ишин жүргүзүштү. Текшерүү учурунда изолятордо адам өлтүрүүгө (КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси) шектелген Чоң-Алай районунун 1971-жылы туулган тургуну Э.Ч. жана 1963-жылы туулган А.Р. аттуу эки адам отурушкан.

Кылмышка шектүүлөрдүн биринин айтымында, Чоң-Алай РИИБнин милиция кызматкерлери аны 16-октябрда кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизишкен, эртеси күнү РИИБнын башчысынын иш бөлмөсүнө алып келишип, башына противогаз кийгизип, муунтуп, сабап баштаган.

«Андан соң ал күнөөнү өз мойнуна алууга аргасыз болуп, башаламандыкты токтотууну суранган. Анын айтымында, кызматкерлер аны шылдыңдап: «Киши өлтүргөнүндү мойнуңа албасаң өзүң өлөсүң же өмүр бою майып болуп каласың» деп, коркутуп-үркүтүүнү уланта беришкен. Ал күнөөсүн мойнуна алдыруу боюнча арызга кол койгонго чейин эки күн бою ушинтип кыйноого алынгандыгын айтып, ишендирүүдө”-деп, КР КАУБ аймактык өкүлүнүн м.а. Улугбек Абдулазимов камактагы адамдын айтканын баяндады,.

Экинчи шектүү кылмыштуу ишке шериктеш катары катышып жатканын жана «үстөмдүк астында» Э.Ч. ичкилик ичкен шеригин өлтүрүп, сөөгүн каналга ыргытып жибергендигин кыйноо алдында билдиргенин айтты.

Кармалган эки адам тең КР КАУБ өкүлдөрү менен баарлашуудан кийин, аларга карата кыйноолор колдонулгандыгы тууралуу арыз жазышкан.

Убактылуу кармоочу жайды текшерүү учурунда, эксперттер башка мыйзам бузууларды да аныкташты. Камера суук, абанын температурасы болгону 15 градустан ашпайт. Кармалгандардын айтымында, күнүнө алар эки жолу узактыгы 10 мүнөттөн гана сейилдөөгө чыгышат.

«Жети-эки метрге барабар сейилдөөчү  короонун өзү таштандыга толуп, кардан тазаланбай турат. Ысыктан же суук аба ырайынан далдалана турган жабык аянт жок. Дубалдары жарака кеткен. Ажаткана кир жана таптакыр колдонууга жараксыз. Ошондой эле, убактылуу кармоочу жайда жуунучу бөлмө да жок. Кармалгандар 20 күндөн ашык душка түшкөн эмес. Тамак-ашты жылытууга жана жеке буюмдарды сактоого орун жок. Универсалдуу медициналык аптечкада тиешелүү дары-дармектер жок, мөөнөтү өтүп кеткен шприцтер гана бар», – деп кошумчалады Улугбек Абдулазимов.

Бардык аныкталган мыйзам бузуулар боюнча КР КАУБ кызматкерлери тарабынан акт түзүлдү. Ал материалдар текшерүү жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн компетенттүү органдарга жөнөтүлөт.

Кыйноолор боюнча билдирүү