КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кыргызстанда адам укуктарынын күнүнө арналган бир айлык саамалык старт алды

Кыргызстанда адам укуктарынын күнүнө арналган бир айлык саамалык старт алды

10-декабрда белгиленүүчү Адам укуктарын коргоо күнүнө карата “Кыйноолорго каршы” бир айлык саамалыктын алкагында Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору бир катар иш-чараларды өткөрөт.

1948-жылы дал ушул күнү Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган.

Бул тарыхый документте расасына, терисинин түсүнө, жынысына, тилине, динине, саясий же башка ынанымдарына, улуттук жана социалдык тегине, мүлктүк, тек-жайлык же башка абалына карабастан, бардык укуктарга жана бардык эркиндиктерге ээ болууга тийиш деп, ар бир адамга таандык болгон ажырагыс укуктар жарыяланган.

Кыйноолор боюнча билдирүү