КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун башчысын кабыл алды

Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун башчысын кабыл алды

14 -октябрда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун (КР КАУБ) директору Бакыт Рысбековду кабыл алды.
Жолугушууда КР КАУБнын башчысы улуттук борбордун ишмердүүлүгү жана негизги милдеттерин чечүүдөгү кыйынчылыктары тууралуу айтып берди. Тараптар ошондой эле БУУнун кыйноолорго каршы комитети тарабынан иштелип чыккан сунуштарды ишке ашыруу боюнча маселелерди талкууга алышты.
КР КАУБда белгиленгендей, жолугушуу жемиштүү, натыйжалуу жана жагымдуу маанайда өттү.

Кыйноолор боюнча билдирүү