КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Жалал-Абад областтык психикалык саламаттык борбору бейтаптардын укугун бузууда

Жалал-Абад областтык психикалык саламаттык борбору бейтаптардын укугун бузууда

2020-жылдын 26-ноябрында Кыйноолорду жана башка катал адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун (мындан ары – Улуттук борбор) Жалал-Абад областы боюнча аймактык ѳкүлчүлүгүнүн жетекчиси А.Эрматов жана эксперти М.Апсатаровтун катышуусунда, Жалал-Абад шаарында жайгашкан Жалал-Абад областтык психикалык саламаттык борборуна (мындан ары – Борбор) планга ылайык күтүүсүз текшерүү жасалды. Текшерүү жыйынтыгында аталган борбордун администрациясы тарабынан бейтаптардын укуктары одоно бузулгандыгы жана аталган мекеменин психиатриялык бөлүмүндө даарыланып жаткан бейтаптарга карата катаал жана адамкерчиликсиз мамиле жасалгандыгы, ошондой эле ал жарандардын бул борбордо саппаттуу медициналык кызмат алуу жана жашоого болгон укуктары бузулгандыгы аныкталып, акт тузулду.

Улуттук борбор, аталган мыйзам бузуулар тууралуу кайрылууну Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушевге жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри А.Бейшеналиевге жөнөткөн.

2020-жылдын 28-декабрында Улуттук борборго Жалал-Абад областынын прокурорунун орун басары А.Каримовдун каты келип түшкөн.

Алдын ала баруунун жүрүшүндө мөөнөтү өткөн жараксыз дары-дармектер аныкталды, борбордун бейтаптары сейилдөөнүн жоктугуна нааразы болушуп, ошондой эле келген бейтаптар кошумча акы төлөп борбордун коридоруна жайгаштырылган.

Аталган каттын мазмунуна ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүдө, кайрылууда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар өз ордун тапкандыктан, прокуратура тарабынан аныкталган ченемдик укуктук актыларды четтетүү менен аны бузууга жол берген жооптуу кызматкерлерге карата тартиптик чара колдонуу үчүн сунуш келтирилген. Сунуш 2020-жылдын 16-декабрында областтык прокуратуранын кызматкерлеринин катышуусунда каралып, кароонун жыйынтыгы менен аталган борбордун 5 кызматкери  тартиптик жазаларга тартылган.

 

Кыйноолор боюнча билдирүү