КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

2017-жылдын 19-21- июлунда иш-чарага (планга) ылайык, ар тараптуу текшерүү

2017-жылдын 19-21- июлунда иш-чарага (планга) ылайык, ар тараптуу текшерүү

Кыргыз Республикасынын Кыйноолорду алдына алуу боюнча Улуттук борборунун Баткен облусундагы аймактык өкүлчүлүгү, 2017-жылдын 19-21- июлунда иш-чарага (планга) ылайык, ар тараптуу текшерүүнү өткөрүү максатында Кызыл-Кыя ШИИБнүн, Кадамжай РИИБнүн УКЖна жана Кызыл-Кыя шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды Аткаруу Мамлекеттик Кызматынын (ЖАМК) №43- мекемесине алдына алып барууларды жүргүздү.

Баткен облусу боюнча аймактык өкүл А.Таабалдыева жана «Адам mукуктары боюнча Эдвокаси борбору» уюмунан Т.Чокмоева, тартылган эксперттер Ы.Султанмуратов жана Х.Ахмедовдон турган жумушчу топту, КРнын ЖАМКнын №43-мекемесинин башчысынын орун басары Б. Маматкулов кабыл алды. Анын айтуусу боюнча аталган мекемеде 113 жазасын өтөп жаткандар бар жана алардын экөө аялдар. Бирок, алдына алып баруу учурунда бул мекемеде 7-8 гана жаран иштеп жүргөнү байкалган, алар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, кармоо шарттары менен таанышылган. Калган жазасын өтүп жаткандар кандай жумуштарга тартылып, кандай келишимдер менен кайсы жакта жүргөндөрүн аныктоо максатында, алардын өздүк делолорун жана ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө керектүү документтердин көчүрмөлөрүн талап кылганда, мекеменин башчысынын орун басары Б. Маматкулов ал документтерди берүүдөн баш тарткан, ага ар тараптуу текшерүүнүн максатын, Улуттук борбордун ишмердүүлүгүн түшүндүрүп бергенден кийин, ал телефон аркылуу башкы башкармалык менен сүйлөшүп, атайын кат түрүндө, тиешелүү иш-кагаздарды так, аты-жөнү менен кайрылуу аркылуу алса боло
тургандыгын айткан. Жумушчу топко, Улуттук борбордун мыйзамынын 26-беренесинин 1- бөлүгүндө көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук жасагандыгы үчүн жайында акт түзүлүп, ал акт жаза аткаруу органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөөчү прокуратурага чечим кабыл алууга жөнөтүлдү.

Сообщить о пытках