2024-жылдын 9-апрелинде Улуттук борбордун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №8 түзөтүү колониясында соттолгон жарандын сабалышы боюнча келип түшкөн арыздын негизинде арыз ээси которулган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №27 түзөтүү колониясына барышкан.
Баруу учурунда №8 түзөтүү колониясында арыз ээсинен тышкары дагы алты соттолгон адам сабалганы белгилүү болду. Арыз ээлеринин айтымында, ур-токмокко алуу мекеменин кызматкерлери, ошондой эле беткап кийген кызматкерлер тарабынан дагы жасалган. Мекеменин администрациясынын өкүлдөрүнө баш ийбегендиги үчүн жаза катары желим союлдар колдонулуп, соттолгондорду тепкилеп, ур-токмокко алышкан.
Баруунун жыйынтыгы боюнча арыздар кабыл алынып, кыйноолордун жана катаал мамиленин издерин документтештирүү боюнча актылар түзүлдү. Денеге залал келтирүүнүн мыйзамдуулугуна юридикалык баа берүү үчүн чогултулган материалдар прокуратурага жөнөтүлдү.
+996 554 999 222



Следуйте за нами в социальных сетях