КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Встреча руководства Национального центра Кыргызской Республики по предупреждению пыток с главой НПМ Великобритании / Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун жетекчилиги Улуу Британиянын УАМ башчысы менен жолугушту

Встреча руководства Национального центра Кыргызской Республики по предупреждению пыток с главой НПМ Великобритании / Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун жетекчилиги Улуу Британиянын УАМ башчысы менен жолугушту

19 мая 2025 года в офисе Национального центра Кыргызской Республики по предупреждению пыток состоялась встреча директора центра Бакытбека Касымкулова с главой Национального превентивного механизма (НПМ) Великобритании г-ном Сэмом Глюкштейном.

Визит международного эксперта проходит в рамках сотрудничества по вопросам укрепления институционального потенциала Национального центра и совершенствования практик в области превентивных посещений. Основное внимание в ходе встречи было уделено обмену опытом между НПМ Кыргызстана и Великобритании, обсуждению эффективных подходов к осуществлению посещений в места лишения и ограничения свободы, а также вопросам взаимодействия с государственными органами и гражданским обществом.

Кроме того, в рамках визита запланировано проведение ряда других мероприятий, среди которых семинары, брифинги, рабочие встречи с государственными органами,  а также совместные посещения.

***

2025-жылдын 19-майында Кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кеңсесинде борбордун директору Бакытбек Касымкулов менен Улуу Британиянын Улуттук алдын алуу механизминин (УАМ) башчысы Сэм Глюкштейн мырзанын расмий жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана Улуттук борбордун институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө максатында уюштурулду. Аталган иш-чаранын негизги багыттарынын бири – алдын алуу максатындагы сапарларды жүргүзүүдө тажрыйба алмашуу жана бул жааттагы методологияларды өркүндөтүү болуп саналат.

Тараптар эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жайларга мониторинг жүргүзүүдө колдонулуучу эффективдүү ыкмаларды, ошондой эле мамлекеттик органдар жана жарандык коом менен конструктивдүү кызматташуу механизмдерин талкуулашты. Бул жолугушуу Кыргызстандын УАМынын потенциалын арттыруу жана эл аралык стандарттарга шайкеш иш алып баруу аракеттеринин алкагында маанилүү кадам болуп саналат.

Сапардын жүрүшүндө бир катар иш-чаралар – семинарлар, брифингдер, мамлекеттик мекемелер менен жумушчу жолугушуулар жана алдын алуу сапарларына биргелешкен катышуулар пландалган.

 

 

Сообщить о пытках