КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Ак-Талаа РИИБдө кыйноолор

Ак-Талаа РИИБдө кыйноолор

2024-жылдын 17-сентябрында Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборунун директоруна ЖАКнын №24 тергөө изоляторунда шектуу катары камакта отурган А.Н. жана Б.Н. Ак-Талаа РИИБнун кызматкерлери тарабынан кыйноого алынгандары тууралуу арыз менен кайрылышкан.

Жеке маектешүүнүн жыйынтыгында күбө катары кармалган А.Н. жана кайниси Б.Н. кыйноого кабылышкандыгы, ал эми жубайы А.Н. коркутууга жана моралдык кысымга кабыл алынгандарын көрсөтүшкөн.

Кылмышты мойнуна алдыруу максатында Ак-Талаа РИИБнун кызматкерлери А.Н.ди төш сөөгүнө урушуп, колдорун артка байлап жерге отургузузуп башына полиэтилен баштыгын кийгизишип, эс учурун жоготкон абалга чейин алып келишип, жылаңач чечиндирип дубинка менен зордуктайбыз деп мазакташкан. Кыйноолор 10 сааттан ашык созулуп, жыйынтыгында А.Н.дин үстүнкү тиши сынып, денесине жаракат келтирилген.

Улуттук борбор тарабынан кыйноонун жана катаал мамиленин издерин документтештирүү боюнча медициналык кароо формасын (Стамбул протоколу) толтурулуп, топтолгон материалдар тергөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКга өткөрүлүп берилди.

 

Сообщить о пытках