Ала-Бука РИИБдө кыйноолор
2024-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбору, кыйноолорду жана катаал мамилелерди алдын алуу максатында, Жалал-Абад шаарында жайгашкан, КР ЮМ караштуу ЖАКтынын №53 мекемесинде текшерүү иштерин жүргүздү.
Текшерүүдө, Е.С. аттуу жаран Ала-Бука РИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан ур – токмокко алынганы аныкталды.
Улуттук борбор тарабынан кыйноо фактысы боюнча медициналык кароо формасы (Стамбул протоколу) толтурулуп, материалдар прокуратура органдарына жөнөтүлдү.
Следуйте за нами в социальных сетях