Араван районундагы мектеп-интернаттын окуучуларынын турмуш-тиричилик шарттары канааттандырарлык эмес
2024-жылдын 14-февралында Улуттук борбор тарабынан Араван районундагы А.Тургунов атындагы мектеп-интернатына алдын ала баруунун жүрүшүндө балдар интернаттарына тиешелүү мамлекеттик стандарттардын жана ченемдердин талаптары одоно түрдө бузулгандыгы аныкталган.
Азык-түлүк коопсуздугу:
- Идиш-аяк жана эмерек жаңыланууга муктаж.
- Тамак-аш даярдоонун сапатын эсепке алуучу жана көзөмөлдөөчү журналы жок.
- Азык-түлүктөрдү сактоо эрежелери сакталбайт (жашылчалар жерде сакталат, бузулган жашылчалар өз убагында сорттолбойт).
- Мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктары аныкталган (11 даана колбасанын жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен).
Жашоо шарттары:
- 4-6-класстын кыздары үчүн эки уктоочу бөлмөдө жайгаштыруунун белгиленген санитардык ченемдерин бузуу аныкталган (бир окуучуга аянты 4 чарчы метрден кем эмес болушу керек). Биринчи бөлмөдө бул көрсөткүч 1,59 кв.м, ал эми экинчисинде 2,72 кв.м.ди түзгөн.
- Дааратканадагы жана мончодогу антисанитардык абал. Даараткананын эшиктери ичинен жабылбайт. Гигиеналык каражаттар (туалет кагазы, кумура, суу) жок. Туалеттин жанында кол жууган жер жок.
- Сырттагы ажаткананын аянты азыркы балдардын санына (405 окуучу) туура келбейт.
- Уктоочу бөлмөлөрдө шкафтар жана тумбочкалар жок.
- Бир окуучунун керебетинде матрац болгон эмес.
Медициналык камсыздоо:
- Медициналык кабинетте аптечка жок.
- Бардык эле журналдар жана китептер жеткиликтүү эмес.
- Дары-дармектер жетишсиз санда, алардын ичинен жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткендери аныкталган.
- Кеңседе суу жок, тумбочкасы бар кол жуугуч колдонулат.
Мекемеде кармоо шарттары балдардын укуктарын одоно бузуп жатат. Алдын ала баруунун жыйынтыгы менен акт түзүлүп, мектеп-интернаттын жетекчилигине өткөрүлүп берилди. Жетекчиликтин айтымында, бир жуманын ичинде бардык мыйзам бузуулар оңдолот.
Следуйте за нами в социальных сетях