Кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору 26-июнь – Кыйноолордун курмандыктарын колдоонун эл аралык күнүнө карата иш-чаралар айын жарыялайт / Национальный центр Кыргызской Республики по предупреждению пыток объявляет о начале Месячника мероприятий, приуроченного к 26 июня — Международному дню в поддержку жертв пыток

Бул күн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы менен белгиленип, кыйноолорго жана ырайымсыз, адамгерчиликсиз же адамдык ар-намысты басмырлаган мамилелерге каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн эске салат. Так ушул күнү – 1987-жылдын 26-июнунда – Кыйноолорго каршы БУУнун Конвенциясы күчүнө кирген. Кыргыз Республикасы бул Конвенцияга 1997-жылы кошулган. Бул дата адам укуктарын сактоонун маанисин, жабыркагандарга тилектештик билдирүүнү жана мамлекет тарабынан зомбулуктун бардык түрлөрүн алдын алуу үчүн жоопкерчиликти баса белгилейт.
Майрамдык иш-чаралар айынын алкагында, июнь айынын ичинде, Кыргызстандын бардык аймактарында төмөнкү багыттар боюнча ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт: кыйноолорду жана ырайымсыз мамилелерди алдын алуу, калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу, жарандардын укуктук жардамга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, жана жарандык коомдун адам укуктарын коргоого активдүү катышуусун камсыз кылуу.
Бул кампания жөн гана маалыматтык иш-чаралар менен чектелбестен, ачык диалог үчүн аянтча болуп саналат жана ар бир адамга эскертип турат: кыйноо – бул адам укуктарын одоно бузуу болуп эсептелет жана ага эч кандай негиз боло албайт.
Мындан тышкары, Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы коалиция менен өнөктөштүктө 2-июндан 27-июнга чейин өлкөнүн калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) акысыз юридикалык кеңештер уюштурулат. Жарандар укуктарынын бузулушу, адилет сотко жетүү жол-жоболору, мамлекеттик органдардын мыйзамсыз мамилесине кабылган учурда укуктарын коргоо боюнча түшүндүрмөлөр жана квалификациялуу укуктук жардам ала алышат.
***
Национальный центр по предупреждению пыток Кыргызской Республики объявляет о старте Месячника мероприятий, приуроченного к Международному дню в поддержку жертв пыток, который ежегодно отмечается 26 июня.
Международный день в поддержку жертв пыток установлен резолюцией Генеральной Ассамблеи ООН и призван напоминать о необходимости борьбы с пытками и иными формами жестокого, бесчеловечного или унижающего достоинство обращения. Именно 26 июня 1987 года вступила в силу Конвенция ООН против пыток, к которой Кыргызская Республика присоединилась в 1997 году. Этот день подчеркивает значимость соблюдения прав человека, выражения солидарности с пострадавшими и ответственности государства за предотвращение любых форм насилия.
В июне месяце во всех регионах Кыргызстана пройдут мероприятия, направленные на профилактику пыток и жестокого обращения, повышение уровня правовой грамотности населения, расширение доступа к правовой помощи, а также вовлечение гражданского общества в защиту прав человека.
Кампания представляет собой не просто информационные события — это платформа для открытого диалога и напоминание каждому: пытки — это грубое нарушение прав человека, которому не может быть оправдания.
Кроме того, в партнерстве с Коалицией против пыток в Кыргызстане в период с 2 по 27 июня в Центрах обслуживания населения (ЦОНах) страны будут организованы бесплатные юридические консультации. Граждане смогут получить квалифицированную правовую помощь по вопросам нарушения прав, разъяснения по процедурам доступа к правосудию, рекомендации по защите своих прав в случае неправомерного обращения со стороны представителей государственных органов.
Следуйте за нами в социальных сетях