КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун билим берүү-агартуу иш-чаралары \ Образовательно-просветительские мероприятия НЦПП

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун билим берүү-агартуу иш-чаралары \ Образовательно-просветительские мероприятия НЦПП

2025-жылдын 13-январында Кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык өкүлчүлүгү КР ИИМнин Республикалык окуу борборунун 52 курсантына сабак өткөрдү. КР ИИМнин РБКнын жетекчилиги менен макулдашуулардын алкагында Улуттук борбор мекеменин угучуларына үзгүлтүксүз (эки айда бир жолу) лекцияларды өткөрүп турат. Анын жүрүшүндө эркиндиктен ажыратуу жана чектөө жайларында адам укуктарын коргоо системасында Улуттук борбордун ролу боюнча, кыйноолорду жана ырайымсыз мамилени болтурбоо темасында видеоматериалдар көрсөтүлүп, ошондой эле кыйноолорду колдонуунун укуктук кесепеттери түшүндүрүлөт.

 

 

 

 

 

 

 

 

13 января 2025 года территориальное представительство Национального центра Кыргызской Республики по предупреждению пыток по городу Ош и Ошской области провели занятие для 52 курсантов Республиканского учебного центра МВД КР в городе Ош. В рамках достигнутых договоренностей с руководством РУЦ МВД КР, Национальный центр на постоянной основе (раз в два месяца) проводит лекции со слушателями учреждения, в ходе которых раскрываются вопросы роли Национального центра в системе защиты прав человека в местах лишения и ограничения свободы, представляются видеоматериалы на тему предупреждения пыток и жестокого обращения, а также разъясняются правовые последствия применения пыток.

 

Сообщить о пытках