Образовательно-просветительские мероприятия НЦПП / Кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун билим берүү жана агартуу иш-чаралары

2025-жылдын 10-мартында Кыйноолорду алдын алуу борбору боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Нарын жана Ысык-Көл облустары боюнча аймактык өкүлчүлүктөрү Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине жана Т. Сатылганов атындагы Каракол шаарындагы лицей-интернатынын мугалимдерине маалыматтык-агартуу иш-чараларын өткөрүштү.
Лекциялардын жүрүшүндө кыйноо жана катаал мамиленин колдонулушунун укуктук кесепеттери кеңири түшүндүрүлүп, адам укуктарын коргоо системасындагы Улуттук борбордун ролу, айрыкча эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жайлардагы ишмердүүлүгү тууралуу маселелер ачылып берилди. Ошондой эле кыйноолорду жана катаал мамилени алдын алуу боюнча видеоматериалдар көрсөтүлдү.
10 марта 2025 года территориальные представительства НЦПП по Нарынской и Иссык-Кульской областям провели просветительские мероприятия для личного состава районного отдела внутренних дел Ат-Башинского района и преподавательского состава лицея-интерната им. Т.Сатылганова в г. Каракол.
В ходе лекций были подробно разъяснены правовые последствия применения пыток и жестокого обращения, раскрыты вопросы роли Национального центра в системе защиты прав человека в местах лишения и ограничения свободы, а также представлены видеоматериалы на тему предупреждения пыток и жестокого обращения.
Следуйте за нами в социальных сетях