НЦПП посетил исправительное учреждение №23 ГСИН / Кыргыз Республикасынын кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбору жамкнын №23-түзөтүү мекемесине барды

16 июня 2025 года сотрудники Национального центра Кыргызской Республики по предупреждению пыток осуществил превентивное посещение исправительного учреждения №23 ГСИН при Кабинете Министров Кыргызской Республики.
В ходе визита проведен обход камер, жилых и служебных помещений, проведены беседы с содержащимися лицами, а также осмотр инфраструктуры учреждения. Жалоб на условия содержания, факты жестокого обращения либо применения пыток от содержащихся лиц не поступило.
С марта 2025 года в соответствии с постановлением Кабинета Министров Кыргызской Республики №165 от 28 марта 2025 года исправительное учреждение №23 переименовано в исправительное учреждение — колонию строгого режима №23. В связи с изменением статуса, проведены работы по приведению учреждения в соответствие с требованиями уголовно-исполнительного законодательства Кыргызской Республики. Увеличена общая проектная вместимость с 85 до 150 мест, осуществлена перепланировка помещений, включая разделение блоков, произведен косметический ремонт всех камер и санитарных узлов, столовой и прачечной, обновлена система вентиляции, электроснабжения, в камерах и коридорах установлены системы видеонаблюдения. Увеличен штат медицинских работников и открыт стоматологический кабинет. На территории учреждения функционирует собственная пекарня. Установлен единый распорядок дня, карточная система учета содержащихся лиц, усилен контроль за соблюдением правил внутреннего распорядка.
По итогам посещения установлено, что условия содержания приведены в соответствие с действующими требованиями, грубых нарушений прав содержащихся лиц не выявлено. Сотрудники учреждения обеспечивают соблюдение установленного режима и санитарных норм.
***
2025-жылдын 16-июнунда Кыргыз Республикасынын Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борборунун кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №23-түзөтүү мекемесине алдын алуу (превентивдик) сапарын уюштурушту.
Сапардын жүрүшүндө камералар, жашоо жана кызматтык бөлмөлөр каралып, камактагы адамдар менен маектешүүлөр өткөрүлдү, ошондой эле мекеменин инфратүзүмү текшерилди. Камакта кармалгандар тарабынан кармоо шарттарына, катаал мамилеге же кыйноолорго байланыштуу даттануулар түшкөн жок.
2025-жылдын март айынан тартып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-мартындагы №165- токтомуна ылайык, №23- түзөтүү мекемеси катуу режимдеги №23-түзөтүү колониясы болуп өзгөртүлгөн. Статусунун өзгөрүшүнө байланыштуу мекемеде Кыргыз Республикасынын кылмыш-аткаруу мыйзамдарынын талаптарына ылайык келтирүү боюнча иштер жүргүзүлдү. Жалпы долбоордук сыйымдуулук 85 тен 150 орунга чейин көбөйтүлдү, жайлар кайрадан пландалып, блоктор бөлүндү, бардык камераларга жана санитардык түйүндөргө, ашкана жана кир жуучу жайларга косметикалык оңдоолор жасалды. Желдетүү жана электр менен камсыздоо системалары жаңыртылды, камералар менен коридорлорго видеобайкоо системалары орнотулду. Медициналык кызматкерлердин саны көбөйтүлүп, стоматологиялык кабинет ачылды. Мекеменин аймагында өзүнүн наабайканасы иштеп жатат. Бирдиктүү күн тартиби, камактагыларды эсепке алуу үчүн картотекалык система киргизилип, ички тартип эрежелеринин аткарылышына көзөмөл күчөтүлдү.
Сапардын жыйынтыгында камак шарттары учурдагы талаптарга жооп бере турганы аныкталды, камактагылардын укуктарынын олуттуу бузулуулары катталган жок. Мекеме кызматкерлери белгиленген режимдин жана санитардык нормалардын сакталуусун камсыздап жатышат.
Следуйте за нами в социальных сетях