Посещения закрытых учреждений совместно с главой Национального превентивного механизма Великобритании / Улуу Британия Улуттук алдын алуу механизминин башчысы менен биргеликте жабык мекемелерге баруу иш-чарасы

23 и 26 мая 2025 года сотрудники Национального центра Кыргызской Республики по предупреждению пыток совместно с главой НПМ Великобритании г-ом Сэмом Глюкштейном и сотрудниками УВКПЧ осуществили ряд превентивных посещений закрытых учреждений системы МВД и ГСИН.
Посещения были осуществлены в рамках международного сотрудничества по обмену опытом и передовыми практиками в области профилактики пыток и жестокого обращения. В частности, делегация посетила следующие учреждения: ИВС ГУВД г.Бишкек, ИВС Сокулукского района, а также Учреждение №2 и №31 ГСИН.
В ходе визитов была проведена оценка условий содержания, изучен порядок оказания медицинской помощи, доступ к правовой защите, проанализировано соблюдение прав человека в указанных учреждениях, а также проведены беседы с содержащимися лицами. Посещения прошли в соответствии с мандатом НЦПП, с акцентом на оценку инфраструктуры учреждений, обеспечению надлежащего питания, санитарно-гигиеническим условиям, возможностями поддержания контакта с внешним миром, а также стандартам обращения с уязвимыми категориями лиц. Жалоб и заявлений от содержащихся лиц в указанных учреждениях не поступило.
Посещения прошли в конструктивной и деловой атмосфере. Администрации учреждений продемонстрировали открытость и оказали всестороннее содействие в обеспечении беспрепятственного доступа к необходимой информации.
***
23-26-май 2025-жылы Кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлери, Улуу Британиянын Улуттук алдын алуу механизмдеринин башчысы Сэм Глюкштейн жана Адам укуктары боюнча жогорку комиссардын башкармалыгынын (АУЖКБ) кызматкерлери менен биргеликте ИИМ жана Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) системасындагы жабык мекемелерде бир катар жолугушуу иш -чараларын өткөрүштүү. Жолугушуу иш-чаралары кыйноолорду жана катаал мамилелердин алдын алуу жаатында тажрыйба алмашуу боюнча эл аралык кызматташтыктын алкагында ишке ашырылды.Тактап айтканда, делегация төмөнкү мекемелерге барышты: Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу изолятору, Сокулук районунун убактылуу кармоочу изолятору, ошондой эле ЖАМКнын №2 жана №31 мекемелери.
Сапардын жүрүшүндө кармоо шарттарына баа берилди, медициналык жардам көрсөтүүнүн тартиби, укуктук коргоого жеткиликтүүлүк изилденип, аталган мекемелерде адам укуктарынын сакталышы анализделди, ошондой эле кармалган адамдар менен маектер өткөрүлдү. Сапарлар Улуттук алдын алуу борборунун мандатынын негизинде, мекемелердин инфратүзүмүнө, тийиштүү тамак-аш менен камсыздоого, санитардык-гигиеналык шарттарга, тышкы дүйнө менен байланышуу мүмкүнчүлүктөрүнө жана аярлуу категориядагы адамдарга карата мамиленин стандарттарына өзгөчө көңүл буруу менен жүргүзүлдү. Аталган мекемелердеги кармалгандардан эч кандай арыздар жана кайрылуулар түшкөн жок.
Жолугушуулар конструктивдүү жана ишкер маанайда өттү. Мекемелердин администрациялары ачык мамиле көрсөтүп, керектүү маалыматтарга тоскоолсуз жетүү үчүн толук шарт түзүштү жана ар тараптуу жардам көрсөтүштү.
Следуйте за нами в социальных сетях