Состоялась рабочая встреча НЦПП совместно с Прокуратурой Чуйской области / НЦПП менен Чүй облусунун прокуратурасы биргелешип иш жолугушуу өткөрдү

20 июня 2025 года сотрудники территориального представительства по г.Бишкек и Чуйской области совместно с Прокуратурой Чуйской области провели рабочую встречу, посвященную вопросам предупреждения пыток и жестокого обращения, приуроченную к Международному дню в поддержку жертв пыток.
Основная цель встречи – конструктивный диалог между государственными органами в целях обеспечения защиты прав и свобод человека, а также предупреждения применения пыток и жестокого обращения в местах содержания под стражей.
В рамках мероприятия были обсуждены меры по предотвращению пыток и иных видов жестокого, бесчеловечного или унижающего достоинство обращения на стадиях задержания, следствия и судебного разбирательства. Особое внимание было уделено условиям содержания лиц, находящихся в местах ограничения и лишения свободы, вопросам эффективности расследования случаев применения пыток, а также вопросам эффективного взаимодействия Национального центра с органами прокуратуры и МВД КР.
***
2025-жылдын 20-июнунда Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча аймактык өкүлчүлүктүн кызматкерлери Чүй облусунун прокуратурасы менен биргеликте кыйноолорду жана катаал мамилени алдын алуу маселелерине арналган иш жолугушу өткөрүштү. Бул иш-чара БУУ тарабынан белгиленген Кыйноолордун курмандыктарын колдоо боюнча Эл аралык күнүнө карата өткөрүлдү.
Жолугушуунун негизги максаты – адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу, ошондой эле камакта кармоо жайларында кыйноо жана катаал мамилелерди алдын алуу максатында мамлекеттик органдар ортосунда конструктивдүү диалог түзүү болуп саналат.
Иш-чаранын алкагында кармоо, тергөө жана соттук териштирүү стадияларында кыйноолорду жана башка ырайымсыз, адамдыкка жат же ар-намысты кемсинткен мамиленин алдын алуу чаралары талкууланды. Айрыкча эркинен ажыратылган же чектелген адамдардын кармоо шарттарына, кыйноолорго байланыштуу фактылардын иликтөө натыйжалуулугуна, ошондой эле Улуттук борбор менен прокуратура жана ИИМ органдарынын өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Следуйте за нами в социальных сетях