КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Сынак жарыяланат! Объявляется конкурс!

Сынак жарыяланат! Объявляется конкурс!

Сынак жарыяланат!

Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр – баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча

Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору

«Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын тγрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8, 14 — беренелерине ылайык, төмөнкү  бош кызматтык орундарга сынак жарыялайт:

     I. Борбордук аппарат:

  • директорунун орун басары – 1 бош орун;
  • анализ жана уюштуруу бөлүмүнүн эксперти – 1 бош орун;
  • көзөмөлдөө жана координациялоо бөлүмүнүн эксперти – 1 бош орун.

     II. Баткен областы боюнча аймактык өкүлчүлүк:

  • аймактык өкүлчүлүктүн жетекчиси – 1 бош орун.

     III. Бишкек шаары жана Чүй областы боюнча аймактык өкүлчүлүк:

  • аймактык өкүлчүлүктүн эксперти – 1 бош орун.

Директордун орун басары кызматына көрсөтүлүп жаткан талапкерге коюлуучу талаптар:

Жашы 25 жаштан кем эмес, жогорку билими бар, жетекчи кызматтарда иштеген тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес Кыргыз Республикасынын жараны Улуттук борбордун директорунун орун басары боло алат. Улуттук борбордун директорунун орун басары кызматына ордуна талапкерди тандоодо адам укуктарын коргоо жаатындагы иш тажрыйбасы артыкчылыктуу болуп саналат.

Аймактык өкүлчүлүктүн жетекчиси жана эксперт кызматына көрсөтүлүп жаткан талапкерге коюлуучу талаптар:

Жогорку билимдүү, юрист, педагог, дарыгер, психолог, психиатр, социалдык кызматкер болуп иштөө тажрыйбасы, ошондой эле мигранттар, жашы жетелектер, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар сыяктуу коомдун алсыз топтору, этностук жана тилдик азчылыктар менен иштөө тажрыйбасы бар, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларын башкарууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун кесипкөй тажрыйбасы же эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына мониторинг жүргүзүү тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, аракетке жөндөмдүү кандай болбосун адам Улуттук борбордун кызматкери болуп шайлана алат.

Квалификациялык талаптар:

Төмөнкү ченемдик укуктук актыларды билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
  • Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин;
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин (директордун орун басары кызматына талапкерлерге);
  • «Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;
  • Кыйноолорго жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазанын түрлөрүнө каршы конвенцияны жана ага карата Факультативдик протоколу;
  • Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактты жана башка адам укуктары боюнча эл аралык келишимдерди;
  • Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Сынака катышуу үчүн керектелүүчү документтер:

  1. жеке арыз;
  2. кадрларды каттоо жөнүндө барагы, сүрөт 3*4;
  3. паспорт же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү;
  4. кесиптик билим, иш тажрыйбасы жана сапаттарын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билимий окутуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, кадрларды башкаруу боюнча кызматтардын ишинин нотариус же иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн) ;
  5. мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбагандыгы тууралуу ички иштер органынан маалым кат;
  6. мурунку жумуш ордунан, ошондой эле эл аралык жана өкмөттүк эмес укук коргоо уюмдар тарабынан сунуш кат;
  7. өздук баян (резюме).

Документтер электрондук почта аркылуу кабыл алынбайт.

Документтердин түп нускалары салыштырып текшерүү үчүн талапкерлер тарабынан Координациялык кеӊештин мүчөлөрүнө сунушталат.

Конкурска катышууга талап кылынган документтер скоросшивательге тиркелип 2024 – жылдын 28 – октябрдын саат 17.00 чейин төмөнкү дарек аркылуу кабыл алынат: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 «Б», 7-кабат, 702-1-кабинет.

Кошумча суроолор боюнча — (0312) 66-37-18, 0550 425294 телефону менен байланышса болот.

 

Национальный центр Кыргызской Республики по предупреждению пыток и других жестоких, бесчеловечных или унижающих достоинство видов обращения и наказания

Согласно статьям 8, 14 —  Закона Кыргызской Республики «О Национальном центре Кыргызской Республики по предупреждению пыток и других жестоких, бесчеловечных или унижающих достоинство видов обращения и наказания» объявляется конкурс на замещение следующих вакантных должностей:

I. Центральный аппарат:

  • заместитель директора – 1 вакансия;
  • эксперт отдела анализа и организационной работы – 1 вакансия;
  • эксперт отдела контроля и координации – 1 вакансия.

II. Территориальное представительство по Баткенской области:

  • руководитель территориального представительства по Баткенской области – 1 вакансия.

III. Территориальное представительство по городу Бишкек и Чуйской области:

  • эксперт территориального представительства – 1 вакансия.

Требования, предъявляемые к кандидату на должность заместителя директора:

Заместителем директора Национального центра может быть гражданин Кыргызской Республики не моложе 25 лет, имеющий высшее образование, опыт практической работы на руководящих должностях не менее 3 лет.

Опыт работы в области защиты прав человека является преимуществом при отборе кандидата на должность заместителя директора Национального центра.

Требования, предъявляемые к кандидатам на должность руководителя и эксперта территориального представительства:

Сотрудником Национального центра может быть избрано любое дееспособное лицо, являющееся гражданином Кыргызской Республики, имеющее высшее образование, опыт практической работы юристом, педагогом, врачом, психологом, психиатром, социальным работником, а также опыт работы с уязвимыми группами общества, такими как мигранты, несовершеннолетние, лица с ограниченными возможностями здоровья, с этническими и языковыми меньшинствами, а также имеющее профессиональный опыт в управлении и осуществлении контроля над местами лишения и ограничения свободы или опыт мониторинга мест лишения и ограничения свободы.

Квалификационные требования:

  1. Знание:
  • Конституции Кыргызской Республики;
  • Уголовного кодекса Кыргызской Республики;
  • Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики;
  • Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики;
  • Трудового кодекса Кыргызской Республики (для кандидатов на должность заместителя директора);
  • Закона Кыргызской Республики «О Национальном центре Кыргызской Республики по предупреждению пыток и других жестоких, бесчеловечных или унижающих достоинство видов обращения и наказания»;
  • Конвенции ООН против пыток и других жестоких, бесчеловечных или унижающих достоинство видов обращения и наказания и Факультативный протокол к данной конвенции;
  • Международного пакта о гражданских и политических правах и других документов в области прав и свобод человека;
  • Типовой инструкции по делопроизводству в Кыргызской Республике.

Документы, необходимые для участия в конкурсе:

  1. Заявление;
  2. Листок по учету кадров, фотография 3*4;
  3. Копия паспорта или документа, удостоверяющего личность;
  4. Документы, подтверждающие профессиональное образование, стаж работы и квалификацию (копия трудовой книжки, копии документов об образовании, о повышении квалификации, заверенные нотариально или службами управления персоналом по месту работы);
  5. Справка уполномоченного органа внутренних дел об отсутствии судимости;
  6. Рекомендательные письма с предыдущего места работы, международных и неправительственных правозащитных организаций;
  7. Автобиография (резюме).

Документы по электронной почте не принимаются.

Подлинники документов представляются кандидатами для сверки членам Координационного совета.

Документы, необходимые для участия в конкурсе, принимаются в папке-скоросшивателе, до 17.00 часов 28 октября 2024 года, по адресу: г.Бишкек, ул.Киевская, 96«Б», 7 этаж, кабинет 702-1.

В случае возникновения дополнительных вопросов обращаться по телефонам:

(0312) 66-37-18. (0550) 425294.

Сообщить о пытках