КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Сынак жарыяланат! Объявляется конкурс!

Сынак жарыяланат! Объявляется конкурс!

Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр – баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору

«Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, уставдык ишмердүүлүгү адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого же көмөк көрсөтүүгө байланышкан коммерциялык эмес уюмдарга Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин бош кызмат ордун ээлөөгө сынак жарыялайт.

Координациялык кеңешке талапкерди көрсөтүү үчүн коммерциялык эмес уюмдарга коюлган талаптар:

Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык уставдык иши кыйноодон, катаал мамиледен жана жазалоодон эркиндикке болгон укуктарды коргоо менен байланышкан, мамлекеттик органдардын катышуусуз түзүлгөн, каржыланган жана/же башкарылган коммерциялык эмес уюм жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.

Коммерциялык эмес уюм тарабынан көрсөтүлгөн талапкерге коюлуучу талаптар:

Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди көрсөтүү жөнүндө коммерциялык эмес уюмдун чечимине төмөнкүлөр тиркелет:

— арыз;

— талапкердин паспортунун көчүрмөсү;

— дипломдун көчүрмөсү;

— тиешелүү иш стажын ырастаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү же бул иш тажрыйбасын тастыктаган коммерциялык эмес уюмдун каты;

— юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;

— адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы коммерциялык эмес уюмдун иши жөнүндө уставы же уставдын көчүрмөсү (выписка);

— мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбагандыгы тууралуу ички иштер органынан маалымкат.

— кыйноолордун жана катаал мамиленин курмандыктарын коргоонун юрисдикциялык ыкмаларын акыркы 5 жыл ичинде коммерциялык эмес уюмдан көрсөтүлгөн талапкер тарабынан колдонулганынын документтик далилдери:

— камактагы жана эркиндигин чектөө жайларына мониторинг жүргүзүү боюнча коммерциялык эмес уюмдун акыркы 5 жыл ичиндеги отчетунун көчүрмөсү;

— башка коммерциялык эмес уюмдардан үч сунуш.

Документтер электрондук почта аркылуу кабыл алынбайт.

Сынакка катышууга талап кылынган документтер скоросшивателге тиркелип             2025-жылдын 15-май күнү саат 17.00гө чейин төмөнкү дарек аркылуу кабыл алынат: Бишкек ш., Киев көч., 96 «Б», 7-кабат, 717/2-каб.

Кошумча суроолор боюнча — (0312) 66-37-18, (0550) 42-52-94 телефону менен байланышса болот.

«Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын тγрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнγндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 беренесине ылайык төмөнкү  бош кызматтык орундарга сынак жарыялайт:

I. Борбордук аппарат:

  • Коомчулук менен байланыш боюнча эксперт (PR-адиси)  – 1 бош орун.
  • Көзөмөлдөө жана координациялоо бөлүмүнүн эксперти — 1 бош орун.

II. Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык өкүлчүлүк:

  • Аймактык өкүлчүлүктүн жетекчиси – 1 бош орун.
  • Аймактык өкүлчүлүктүн эксперти – 1 бош орун.

Бош  кызмат орундарга көрсөтүлүп жаткан талапкерлерге коюлуучу талаптар:

Жогорку билимдүү, юрист, педагог, дарыгер, психолог, психиатр, социалдык кызматкер болуп иштөө тажрыйбасы, ошондой эле мигранттар, жашы жетелектер, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар сыяктуу коомдун алсыз топтору, этностук жана тилдик азчылыктар менен иштөө тажрыйбасы бар, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларын башкарууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун кесипкөй тажрыйбасы же эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына мониторинг жүргүзүү тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, аракетке жөндөмдүү кандай болбосун адам Улуттук борбордун кызматкери болуп шайлана алат.

Квалификациялык талаптар:

Төмөнкү ченемдик укуктук актыларды билүү:

— Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

— Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин;

— Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин;

— Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин;

— «Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган

мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын

Улуттук борбору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

— Кыйноолорго жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган

мамилеге жана жазанын түрлөрүнө каршы конвенцияны жана ага карата

Факультативдик протоколу;

— Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактты жана башка адам укуктары

боюнча эл аралык келишимдерди;

— Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;

— «Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган

адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамы.

Коомчулук менен байланыш боюнча эксперттин (PR-адиси) бош кызмат ордуна талапкерге кошумча талаптар:

  1. Журналистика, коомчулук менен байланыш, маркетинг же ушул тармактарга байланыштуу башка адистиктер боюнча билим.
  2. Коомчулук менен байланыш, ММК же корпоративдик коммуникация тармагында иш тажрыйбасы.
  3. Маалымат мейкиндигин мониторингдөө жана талдоо куралдарын билүү.
  4. Коммуникациялык стратегияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жөндөмү, санариптик контентти (маалымат материалдары, пресс-релиздер, макалалар ж.б.) түзүү жөндөмү.
  5. Социалдык тармактар менен иштөө жөндөмү, SMM куралдарын билүү.
  6. Орус жана кыргыз тилдеринде оозеки жана жазуу жүзүндө жакшы сүйлөө жөндөмү, чет тилдерин билүү кошумча артыкчылык болуп эсептелет.
  7. Командада иштей билүү жана медиапроекттерди натыйжалуу башкаруу жөндөмү.

Сынакка катышуу үчүн керектелүүчү документтер:

  1. Жеке арыз.
  2. Кадрларды каттоо жөнүндө барагы, сүрөт  3*4.
  3. Паспорт же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү.
  4. Кесиптик билим, иш тажрыйбасы жана сапаттарын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билимий окутуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, кадрларды башкаруу боюнча кызматтардын ишинин нотариус же иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн).
  5. Мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбагандыгы тууралуу ички иштер органынан маалымкат.
  6. Мурунку жумуш ордунан сунуш каттар жана мүнөздөмөлөр.
  7. Өздүк баян жана резюме.

Документтер электрондук почта аркылуу кабыл алынбайт.

Документтердин түп нускалары салыштырып текшерүү үчүн талапкерлер тарабынан сынак комиссиясына сунушталат.

Сынакка катышууга талап кылынган документтер скоросшивателге тиркелип             2025-жылдын 15-май күнү саат 17.00гө чейин төмөнкү дарек аркылуу кабыл алынат: Бишкек ш., Киев көч., 96 «Б», 7-кабат, 717/2-каб.

Кошумча суроолор боюнча — (0312) 66-37-18, (0550) 42-52-94 телефону менен байланышса болот.

 

Национальный центр Кыргызской Республики по предупреждению пыток и других жестоких, бесчеловечных или унижающих достоинство видов обращения и наказания

Согласно ст.10 Закона Кыргызской Республики «О Национальном центре Кыргызской Республики по предупреждению пыток и других жестоких, бесчеловечных или унижающих достоинство видов обращения и наказания» объявляет конкурс для некоммерческих организаций, уставная деятельность которых связана с защитой прав на свободу от пыток, жестоких видов обращения и наказания на замещение вакантных должностей в составе Координационного совета Национального центра Кыргызской Республики по предупреждению пыток и других жестоких, бесчеловечных или унижающих достоинство видов обращения и наказания.

Требования, предъявляемые некоммерческим организациям для выдвижения кандидата в Координационный совет:

Некоммерческая организация, в соответствии с законодательством Кыргызской Республики, уставная деятельность которой связана с защитой прав на свободу от пыток, жестоких видов обращений и наказания, создаваемая, финансируемая и/или управляемая без участия государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики, а также государственных и муниципальных организаций, вправе выдвинуть одного кандидата в члены Координационного совета.

Требования к кандидату, выдвигаемому от некоммерческой организации:

К решению некоммерческой организации о выдвижении кандидата в члены состава Координационного совета Национального центра прилагаются:

— заявление;

— копия паспорта кандидата;

— копия диплома;

— копия трудовой книжки, подтверждающая соответствующий опыт работы, либо письма от некоммерческой организации с подтверждением наличия данного опыта;

— копия свидетельства о регистрации юридического лица;

— копия устава или выписки из устава о деятельности некоммерческой организации в сфере защиты прав и свобод человека;

— справка уполномоченного органа внутренних дел об отсутствии судимости.

— документальное подтверждение использования выдвигаемым кандидатом от некоммерческой организации в течение последних 5 лет юрисдикционных способов защиты жертв пыток и жестокого обращения:

— копия отчета некоммерческой организации по мониторингу мест лишения и ограничения свободы за последние 5 лет;

— три рекомендации от других некоммерческих организаций.

Документы по электронной почте не принимаются.

Документы, необходимые для участия в конкурсе, принимаются в папке-скоросшивателе, до 17.00 часов 15 мая 2025 года, по адресу: г. Бишкек, ул. Киевская 96 «Б», 7 этаж, кабинет 717/2.

В случае возникновения дополнительных вопросов обращаться по контактным номерам: (0312) 66-37-18, (0550) 42-52-94.

Согласно статье 8 Закона Кыргызской Республики «О Национальном центре Кыргызской Республики по предупреждению пыток и других жестоких, бесчеловечных или унижающих достоинство видов обращения и наказания» объявляется конкурс на замещение следующих вакантных должностей:

I. Центральный аппарат:

  • эксперт по связям с общественностью (PR-специалист) – 1 вакансия.
  • эксперт отдела контроля и координации – 1 вакансия.

II. Территориальное представительство по городу Ош и Ошской области:

  • руководитель территориального представительства – 1 вакансия.
  • эксперт территориального представительства – 1 вакансия.

Требования, предъявляемые к кандидатам на вакантные должности:

Сотрудником Национального центра может быть избрано любое дееспособное лицо, являющееся гражданином Кыргызской Республики, имеющее высшее образование, опыт практической работы юристом, педагогом, врачом, психологом, психиатром, социальным работником, а также опыт работы с уязвимыми группами общества, такими как мигранты, несовершеннолетние, лица с ограниченными возможностями здоровья, с этническими и языковыми меньшинствами, а также имеющее профессиональный опыт в управлении и осуществлении контроля над местами лишения и ограничения свободы или опыт мониторинга мест лишения и ограничения свободы.

Квалификационные требования:

  1. Знание:
  • Конституции Кыргызской Республики;
  • Уголовного кодекса Кыргызской Республики;
  • Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики;
  • Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики;
  • Закона Кыргызской Республики «О Национальном центре Кыргызской Республики по предупреждению пыток и других жестоких, бесчеловечных или унижающих достоинство видов обращения и наказания»;
  • Конвенции ООН против пыток и других жестоких, бесчеловечных или унижающих достоинство видов обращения и наказания и Факультативный протокол к данной конвенции;
  • Международного пакта о гражданских и политических правах и других документов в области прав и свобод человека;
  • Типовой инструкции по делопроизводству в Кыргызской Республике.
  • Закон Кыргызской Республики «О порядке и условиях содержания под стражей лиц, задержанных по подозрению и обвинению в совершении преступлений»

Дополнительные требования, предъявляемые к кандидату на вакантную должность эксперта по связям с общественностью (PR-специалист):

  1. Образование в области журналистики, связей с общественностью, маркетинга или других смежных специальностей.
  2. Опыт работы в сфере связей с общественностью, СМИ или корпоративных коммуникаций.
  3. Владение инструментами мониторинга и анализа информационного поля.
  4. Навыки разработки и реализации коммуникационных стратегий, создание цифрового контента (информационных материалов, пресс-релизов, статей и прочего).
  5. Навыки работы с социальными сетями, знание SMM-инструментов.
  6. Хорошие навыки устного и письменного общения на русском и кыргызском языках, знание иностранных языков приветствуется.
  7. Способность к работе в команде и умение эффективно управлять медиапроектами.

Документы, необходимые для участия в конкурсе:

  1. Заявление.
  2. Листок по учету кадров, фотография 3*4.
  3. Копия паспорта или документа, удостоверяющего личность.
  4. Документы, подтверждающие профессиональное образование, стаж работы и квалификацию (копия трудовой книжки, копии документов об образовании, о повышении квалификации, заверенные нотариально или службами управления персоналом по месту работы).
  5. Справка уполномоченного органа внутренних дел об отсутствии судимости.
  6. Рекомендательные письма с предыдущего места работы, характеристики.
  7. Автобиография и резюме.

Документы по электронной почте не принимаются.

Подлинники документов представляются кандидатами для сверки конкурсной комиссией.

Документы, необходимые для участия в конкурсе, принимаются в папке-скоросшивателе, до 17.00 часов 15 мая 2025 года, по адресу: г. Бишкек, ул. Киевская 96 «Б», 7 этаж, кабинет 717/2.

В случае возникновения дополнительных вопросов обращаться по контактным номерам: (0312) 66-37-18, (0550) 42-52-94.

 

Сообщить о пытках