Сынак жарыяланат! / Объявляется конкурс!

Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр – баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору
«Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, уставдык ишмердүүлүгү адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого же көмөк көрсөтүүгө байланышкан коммерциялык эмес уюмдарга Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин 2 (эки) бош кызмат ордун ээлөөгө сынак жарыялайт.
Координациялык кеңешке талапкерди көрсөтүү үчүн коммерциялык эмес уюмдарга коюлган талаптар:
Уставдык иши кыйноолордон, катаал мамилелерден жана жазалардан эркин болуу укуктарын коргоо менен байланышкан, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын катышуусуз түзүлүүчү, каржылануучу жана/же башкарылуучу коммерциялык эмес уюм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.
Коммерциялык эмес уюм тарабынан көрсөтүлгөн талапкерге коюлуучу талаптар:
Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди көрсөтүү жөнүндө коммерциялык эмес уюмдун чечимине төмөнкүлөр тиркелет:
— арыз;
— талапкердин паспортунун көчүрмөсү;
— дипломдун көчүрмөсү;
— тиешелүү иш стажын ырастаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү же бул иш тажрыйбасын тастыктаган коммерциялык эмес уюмдун каты;
— юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
— адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы коммерциялык эмес уюмдун иши жөнүндө уставы же уставдын көчүрмөсү (выписка);
— мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылбагандыгы тууралуу ички иштер органынан маалымкат.
— кыйноолордун жана катаал мамиленин курмандыктарын коргоонун юрисдикциялык ыкмаларын акыркы 5 жыл ичинде коммерциялык эмес уюмдан көрсөтүлгөн талапкер тарабынан колдонулганынын документтик далилдери:
— камактагы жана эркиндигин чектөө жайларына мониторинг жүргүзүү боюнча коммерциялык эмес уюмдун акыркы 5 жыл ичиндеги отчетунун көчүрмөсү;
— башка коммерциялык эмес уюмдардан үч сунуш.
Документтер электрондук почта аркылуу кабыл алынбайт.
Сынакка катышууга талап кылынган документтер скоросшивателге тиркелип 2025-жылдын 20-июнь күнү саат 17.00гө чейин төмөнкү дарек аркылуу кабыл алынат: Бишкек ш., Киев көч., 96 «Б», 7-кабат, 717/2-каб.
Кошумча суроолор боюнча — (0312) 66-37-18, (0550) 42-52-94 телефону менен байланышса болот.
***
Национальный центр Кыргызской Республики по предупреждению пыток и других жестоких, бесчеловечных или унижающих достоинство видов обращения и наказания
Согласно ст.10 Закона Кыргызской Республики «О Национальном центре Кыргызской Республики по предупреждению пыток и других жестоких, бесчеловечных или унижающих достоинство видов обращения и наказания» объявляет конкурс для некоммерческих организаций, уставная деятельность которых связана с защитой прав на свободу от пыток, жестоких видов обращения и наказания на замещение 2 (двух) вакантных должностей в составе Координационного совета Национального центра Кыргызской Республики по предупреждению пыток и других жестоких, бесчеловечных или унижающих достоинство видов обращения и наказания:
Требования, предъявляемые некоммерческим организациям для выдвижения кандидата в Координационный совет:
Некоммерческая организация, в соответствии с законодательством Кыргызской Республики, уставная деятельность которой связана с защитой прав на свободу от пыток, жестоких видов обращений и наказания, создаваемая, финансируемая и/или управляемая без участия государственных органов и органов местного самоуправления Кыргызской Республики, а также государственных и муниципальных организаций, вправе выдвинуть одного кандидата в члены Координационного совета.
Требования к кандидату, выдвигаемому от некоммерческой организации:
К решению некоммерческой организации о выдвижении кандидата в члены состава Координационного совета Национального центра прилагаются:
— заявление;
— копия паспорта кандидата;
— копия диплома;
— копия трудовой книжки, подтверждающая соответствующий опыт работы, либо письма от некоммерческой организации с подтверждением наличия данного опыта;
— копия свидетельства о регистрации юридического лица;
— копия устава или выписки из устава о деятельности некоммерческой организации в сфере защиты прав и свобод человека;
— справка уполномоченного органа внутренних дел об отсутствии судимости.
— документальное подтверждение использования выдвигаемым кандидатом от некоммерческой организации в течение последних 5 лет юрисдикционных способов защиты жертв пыток и жестокого обращения:
— копия отчета некоммерческой организации по мониторингу мест лишения и ограничения свободы за последние 5 лет;
— три рекомендации от других некоммерческих организаций.
Документы по электронной почте не принимаются.
Документы, необходимые для участия в конкурсе, принимаются в папке-скоросшивателе, до 17.00 часов 20 июня 2025 года, по адресу: г. Бишкек, ул. Киевская 96 «Б», 7 этаж, кабинет 717/2.
В случае возникновения дополнительных вопросов обращаться по контактным номерам: (0312) 66-37-18, (0550) 42-52-94.
Следуйте за нами в социальных сетях