КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Мамлекеттик органдарга жана ЖӨБОго сунуштар

Координациялык кеңештин сунуштары:

  1. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында алдын алма баруулардын практикасын жалпылоосунун натыйжалары боюнча Координациялык кеңеш эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кармалган адамдарга карата кыйноолорду колдонуунун жана катаал мамиле кылуунун себептерин жана шарттарын жоюу жана камакта кармоо шарттарын жакшыртуу максатында сунуштарды иштеп чыгат.
  2. Координациялык кеңештин сунуштары тийиштүү чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарына, кызматтык адамдарына жөнөтүлөт.
  3. Мамлекеттик органдар, кызматтык адамдар сунуштарды алгандан кийин бир ай аралыгында Координациялык кеңешке көрүлгөн чаралар тууралуу маалымдоого тийиш.

 

Улуттук борбор тарабынан кыйноолорду жана катаал мамиле кылуунун башка түрлөрүн колдонуу учурлары аныкталса, мамлекеттик органдар бул аракеттерге алып келген себептерди жана шарттарды жоюу боюнча күтүүсүз чараларды көрүүгө жана мындай укук бузган кызматкерге карата көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарды бир сутка аралыгында берүүгө милдеттүү.

Кыйноолор боюнча билдирүү