КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кыйноолордун алдын алуу боюнча комитетче

Кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиле же жазалоонун алдын алуу боюнча комитетче (КАК) адам укуктары боюнча БУУнун системасындагы келишимдердин негизинде түзүлгөн органдын жаңы бир түрү. Ал кыйноолордун жана башка терс мамиленин алдын алууга карата инновациялык, туруктуу жана проактивдүү мамиле кылууга негизделген алдын алуу мандатына ээ. КАК өз ишин 2007-жылдын февраль айында баштаган.

КАК келишимдин – “Кыйноолорго каршы конвенциянын Факультативдик протоколунун” (КККФП)  жоболоруна ылайык негизделген. КККФП БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 2002-жылдын декабрь айында кабыл алынган жана күчүнө 2006-жылдын июнь айында кирген.

КАК түрдүү тажрыйбасы бар, дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан тандалган 25 көз карандысыз жана калыс, адилеттүү эксперттерден түзүлгөн. КАК мүчөлөрү КККФПнин катышуучу-мамлекеттери тарабынан төрт жылга шайланат жана алар кайрадан дагы бир жолу шайлана алышат.

Кыйноолор боюнча билдирүү