КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

О нас

Негизги ишмердүүлүк эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында аларда кармалган адамдарга карата кыйноонун жана катаал мамиле кылуунун алдын алууга жана кармоо шарттардын жакшыртууга көмөктөшүүгө багытталган. Бул кайсы гана күнү болбосун, кайсы гана убактыда болбосун мекеменин администрациясына алдын ала эскертпей туруп күтүүсүз баруулар жолу менен турмушка ашырылат.

Ошону менен бирге биз тийиштүү органдар үчүн эркиндигинен ажыратылган адамдардын кармоо шарттарын жана аларга болгон мамилени жакшыртууну өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгабыз:

  • Кыйноого жана катаал мамиле кылууга карата маалымдуулукту жана ага жол бербестик маданиятын жогорулатабыз;

  • Мыйзам чыгаруучуларга кыйноо жана катаал мамиле кылуу менен күрөшүү чөйрөсүндөгү иштеп жаткан мыйзамдарды жакшыртуу жана жаңы мыйзамдарды кабыл алуу боюнча жардам беребиз;

  • Мамлекеттик органдар, жарандык коом жана Омбудсмен менен Кыргыз Республикасында кыйноого каршы күрөшүү боюнча кызматташуудабыз жана алардын аракеттерин координациялайбыз.

  • Жеке иштерди кийинки тергөө үчүн компетенттүү органдарга жөнөтөбүз;

  • Жогорку Кеңешке өлкөдө кыйноолордун жана башка катаал мамиле кылуунун алдын алуу иштери боюнча абал жөнүндө ар жылдык баяндаманы тапшырабыз.

Кыйноолор боюнча билдирүү