КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАМКтын №53 мекемеси (ТИЗО-53)

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАМКтын №53 мекемеси (ТИЗО-53)

2023-жылдын 25-декабрында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАМКтын №53 мекемесинин жаңы имаратынын ачылышы болду. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАМКтын №53 мекемеси Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл аймагынын Арал айылында жайгашкан.

Орундардын жалпы саны 200 адамга эсептелген, анын ичинен: эркектер үчүн 100, аялдар үчүн 50, жашы жете электерге 50. Тергөө изоляторунун жаңы имараты эл аралык стандарттын талаптарына ылайык долбоорлонуп, курулган. Коопсуз корпустагы камераларда керектүү нерселердин баары бар. Жолугушуу бөлмөлөрү бар. Мекемедеги жылытуу системасы катуу көмүр менен жылытылуучу от жагуучу бөлмө менен камсыздалат. Борборлоштурулган желдетүү системасы бар. Машыгуу короосунда чатыр бар жана спорттук шаймандар менен жабдылган. Мекеме медициналык кызматкерлерди, анын ичинде психологду жетиштүү санда камсыздап, гендердик тең салмактуулук сакталган. 8 камера оорукананын палаталары катары жабдылган.

Улуттук борбор эл аралык жана улуттук стандарттарга жооп берген жаңы объектилердин курулушун баалап, кубаттайт жана бул жааттагы иштер улантылат деп ишенет.

Сообщить о пытках