КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Ысык-Көл областынын Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернаты, Каракол шаары (мындан ары — лицей). 2024-жылдын 16-апрели.

Ысык-Көл областынын Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицей-интернаты, Каракол шаары (мындан ары — лицей). 2024-жылдын 16-апрели.

Мектеп-интернат ХХ кылымдын 60-жылдарында курулган. Мектеп-интернатынын  аймагында төмөнкү объектилер бар:

  • окуу имаратынын корпусу;
  • эки жатакана, бирок бирөө гана жашоого ылайыктуу. Экинчиси минималдуу жашоо шарттарынын жана оңдоо иштеринин жоктугунан иштебейт;
  • ашкана;
  • мончо жана кир жуучу комплекс.

Лицейде борбордук жылуулук системасы каралган. Окуу корпусунун сыйымдуулугу 600 орунга, ал эми жатаканасы 200 орунга ылайыкталган. Педагогикалык курамы (71) жана медициналык кызматкерлер (1) толукталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөндөгүлөр аныкталды:

Жашоо шарттары:

  • Жатаканада 217 бала жашайт (120 кыз жана 97 эркек), бирок 200 орундуу;
  • кыздар жана балдар үчүн бир гана душ бөлмөсү бар;
  • лицейде 651 окуучу билим алат (6-11-класстар), бирок окуу корпусу 600 окуучуга гана ылайыкталган;
  • иштеп жаткан жатакананын биринчи кабатындагы үч бөлмө класстардын жетишсиздигинен улам класстык бөлмөлөргө айландырылган.

 


Азык-түлүк коопсуздугу:

  • лицей окуучуларынын тамак-ашына күнүнө 90 сом бөлүнөт, бул сапаттуу тамактануу үчүн жетишсиз сумма.

Белгилей кетсек, лицейде тамак-аш сактоочу жайлары талапка жооп берип, санитардык китептери бар, керектүү иш кагаздары тиешелүү журналдарда жүргүзүлөт.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен мыйзам бузуулар боюнча 2 акт түзүлүп, лицейдин жетекчилигине жөнөтүлдү.

Сообщить о пытках