КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Беловодскийдеги камактагы адамга карата ырайымсыз мамиле кылуу фактысы катталды: «Уруп- сабап, бир айга чейин айып изоляторунда кармашкан»

Беловодскийдеги камактагы адамга карата ырайымсыз мамиле кылуу фактысы катталды: «Уруп- сабап, бир айга чейин айып изоляторунда кармашкан»

6-августта КРнын кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбордун (КР КАУБ) директору Б. Рысбеков жана КР КАУБ алдын ала баруулар бөлүмүнүн башчысы Бакыт Касымкуловдор Чүй областынын Беловодск айылынын жанындагы №16 колонияда жана КР ЮМ алдындагы ЖАМКнын №47 түзөтүү мекемесинде текшерүү менен болушту.

Жабык мекемелерге алдын ала баруулардын жыйынтыгында соттолгондорго карата ырайымсыз мамиле жасалып, укуктары бузулган фактылар аныкталды.
Улуттук борбордо белгиленгендей, КР КАУБ кызматкерлеринин атайын мекемелерге кирүүсүнө тоскоолдук болгон жок. Беловодскийде адистер штрафтык изолятордо кармалган адамдар менен сүйлөшүп, камераларды карап чыгышты.
Иш сапардын жүрүшүндө, Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен КР КК 281-беренесине ылайык айыпталып, 9 жылга эркинен ажыратылган Р.у.С. өз арызын жазды. Билдирүүдө ал 2021-жылдын 5-августунда уктап калгандыктан, эртең мененки текшерүүгө бир аз кечигип калганын көрсөткөн. Андан кийин 5-6 күзөтчү аны күчкө салып, штрафтык камерага сүйрөп кирип, сабай башташкан: буттары менен башына тээп, муштуму менен сабашкан. Кармалган адамды кара ниет мыйзам бузуучу катары тариздеп, 1 айга чейин штрафтык камерада кармашкан. Мындай кордукка каршылык көргөзүп, ал көкүрөгүн кесип салган. Ал киши учурда айыптууларды жоопко тартууну суранып жатат.

 


Ал эми №47 түзөтүү мекемесинде КР КАУБ өкүлдөрү Токмок шаардык соту тарабынан 12 жарым жылга талап -тоноочулук боюнча айыпталып, соттолгон С.А. менен сүйлөшүү жүргүзүштү. Анын айтымында, ал киши жазасын Молдовановка айылындагы №31 түзөтүү мекемесинде өтөп жаткан жана ал жерден 5-августта кечки текшерүүдөн кийин кырсыкка кабылган.
Терезени айнектөөгө аракет кылып жатканда, сынган айнектин бир бөлүгү камактагынын көкүрөгүн кесип, жаракат алган. Чакырууга келген медициналык топ аны күзөтчүлөрдүн коштоосу менен Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна адып барышкан. Бирок, ал жерден дарыгерлер жабырлануучунун соттолгонундугуна жүйөө кылып, аны кабыл алуудан баш тартышкан.

«Тез жардамдын дарыгерлери акт түзүп, бейтапты Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып барышып, ал жерден бейтаптын кесилген жерине медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан кийин, бейтап №47 түзөтүү колонниясына жеткирилген. Колониянын дарыгери Ж.Мамазарованын айтымында, анын жарааты терең эмес, камактагы адамдын жалпы абалы канааттандырарлык. Ага бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат «, — деп белгиледи КР КАУБ өкүлдөрү.

Улуттук борбордун адистеринин айтымында, медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартууга болбойт. Бардык жарандар, республиканын каалаган медициналык мекемесине чукул келип түшкөндө, өз убагында квалификациялуу медициналык кызматтарды алууга укуктуу.
Ошол эле учурда бейтап соттолгон деген негизде медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу, социалдык статусуна карата басмырлоо катары бааланары белгиленген. Ушуга байланыштуу бул факты боюнча КР кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбор тиешелүү структураларга кайрылуусу жөнөтөт.

Сообщить о пытках