КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Республикалык психиатрия жана наркология борборундагы (мындан ары — РПНБ) ар тараптуу текшерүү. 2024-жылдын 18-19-апрели.

Республикалык психиатрия жана наркология борборундагы (мындан ары — РПНБ) ар тараптуу текшерүү. 2024-жылдын 18-19-апрели.

РПНБда 655 бейтапка ылайыкталган 17 стационардык бөлүм бар. Психиатриялык стационардык бөлүмдөр 445 койкага ылайыкталган, анын 40ы балдар үчүн. Наркологиялык стационардык бөлүмдөр 210 бейтапка ылайыкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө төмөндөгүлөр аныкталды:

Жашоо шарттары:

  • РПНБнын имараттарынын көбү оңдоого муктаж;
  • балдар бөлүмүн кошпогондо, бөлүмдөрдөгү бейтаптардын саны бир нече эсе көптүк кылат (5-15 пациентке). Мисалы, №1 и №10 психиатриялык бөлүмдөрүндө кошумча керебеттер коридорлордо жайгашкан;
  • керебеттер, матрацтар, шейшептер абдан эскирген;
  • кир самын гана берилет;
  • бейтаптар үчүн эс алуу бөлмөлөрү жок;
  • оорулуулар үчүн таза абада сейилдөө жүргүзүлбөйт, анткени РПНБнын сейилдөөчү аймагына жакын жерде КР ИИМнин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы инспекциясынын унаа токтотуучу жайы бар (тынымсыз ызы-чуу, көп сандаган эл).

Азык-түлүк коопсуздугу:

  • тамак-ашка күнүнө 92 сом бөлүнөт, бул сапаттуу тамактануу үчүн жетишсиз сумма.
  • ашканаларда ашкана жабдуулары жетишсиз, бул оорулууларды 2—3 сменада тамактанууга мажбур кылат.

Медициналык камсыздоо:

  • медициналык каражаттарга болгону 92 сом бөлүнөт, бул медициналык кызматкерлердин айтымында, сапаттуу жана эффективдүү дарыларды сатып алуу үчүн жетишсиз сумма.

Дарыгерлердин айлыгы 20-25 миң сом, кенже медициналык кызматкерлердики 10-20 миң сом болуп, квалификациялуу адистерди тартууга түздөн-түз таасирин тийгизип жатканын белгилөөгө болот.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен аныкталган мыйзам бузуулар боюнча акт түзүлүп, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине жөнөтүлдү.

Сообщить о пытках