КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун жетекчилигинин АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү менен жолугушуусу

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун жетекчилигинин АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү менен жолугушуусу

2024-жылдын 19-апрелинде Улуттук борбордун кеңсесинде Улуттук борбордун жетекчилиги, АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басары Джон Поммершайм жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин Демократия, адам укуктары жана эмгек бюросунун катчысынын жардамчысынын орун басары Николь Чулик менен расмий жолугушуу болду.

Жыйындын жүрүшүндө Улуттук борбордун ыйгарым укуктары жана ишинин негизги жыйынтыктары боюнча маалымат берилип, борбордун кызматташуусу жана бекемдөөсү боюнча артыкчылыктуу маселелер талкууланды.

Жолугушуунун катышуучулары Улуттук борбордун Кыргыз Республикасындагы адам укуктарын коргоо системасындагы көз карандысыз жана демократиялык институт катары маанилүүлүгүн жана жетишкендиктерин жогору баалашты.

Сообщить о пытках