КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2025 аскер бөлүгүндө маалыматтык агартуучулук иш чарасы өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2025 аскер бөлүгүндө маалыматтык агартуучулук иш чарасы өткөрүлдү

2024-жылдын 17-апрелинде Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Т.Баатыр атындагы 2025 аскер бөлүгүнүн өздүк курамындагы мөөнөттүү кызматтагы аскерлери жана Нарын шаарындагы №1 Токтогул атындагы мектебинин жогорку класстарынын окуучулары үчүн агартуучулук иш-чара өткөрүлдү.

Бул иш-чарага Жоокерлердин энелер комитетинин өкүлдөрү да катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасындагы адам укуктарын коргоо системасындагы Улуттук борбордун ролун жана ишмердүүлүгүн белгилөө максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө “Кыйноолорго каршы күч-аракетти бириктирели”, “Ички иштер министрлигинин зиндандары – кыйноо ыкмасы катары” деген темаларда видеорепортаждар көрсөтүлүп, аскер кызматкерлеринин ортосундагы уставдан тышкары мамилелер жана өз жанын кыюунун алдын алуу маселелери көтөрүлдү.

Сообщить о пытках