КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Улуттук борбордун Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча аймактык өкүлчүлүгү тарабынан Чүй облусунун ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАМКтын кызматкерлери үчүн маалыматтык-агартуу иш-чаралары өткөрүлдү

2024-жылдын 24-апрелинде Кыйноолорду алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун кызматкерлери Чүй облусунун ИИБнын кызматкерлерине тарбиялык сабак өтүштү. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу ЖАМКтын Окуу борборунда 2024-жылдын 25-апрелинде жаңы келген кызматкерлерге сабак өтүлдү.

Иш-чаралар Кыргыз Республикасындагы адам укуктарын коргоо системасындагы Улуттук борбордун ролун жана ишмердүүлүгүн көрсөтүү максатында өткөрүлдү. Камакта кармоонун жана болуунун шарттарынын эл аралык жана улуттук стандарттарынын маселелери, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кыйноолорду жана катаал мамилени болтурбоо маселелери каралды.

Сообщить о пытках