КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

17-19 июль күндөрү алдына алуу баруунун жүрүшүндө укук бузуу фактылары байкалды.

17-19 июль күндөрү алдына алуу баруунун жүрүшүндө укук бузуу фактылары байкалды.

Кыргыз Респуликасынын кыйноолорду алдына алуу боюнча Улуттук борборунун Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн өкүлү А. Эрматов, ошол эле өкүлчүлүктүн эксперти М. Апсатаров, Улуттук борбор тарабынан «Справедливость» адам укугун коргоо уюмунан тартылган эксперт Б. Жапарованын катышуусунда Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондук ИИБнүн УКЖна 2017-жылдын 17-19- июлунда күтүүсүз ар тараптуу текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүү учурунда укук бузуу фактылары байкалды:
  1. Аксы райондук ИИБдө ажаткана (туалет), кармалгандар бети колун жуучу жай таштандыга толуп, санитардык нормага жооп бербейт. УКЖда 13 жаран кармалып отурса, анын ичинен 10 жарандын СМЭ өткөрүлгөн кортундусу жок.
  1. Ала-Бука райондук ИИБдө УКЖда кармалып олтургандар үчүн жуунганга шарт түзүлбөгөн, УКЖда душевой жок, бул системалык көйгөй болуп, Ала- Бука райондук ИИБнүн жетекчилиги бул абалды акча каражаты жоктугу менен түшүндүрдү.
  1. Чаткал райондук ИИБдө УКЖда кармалып олтургандар үчүн жуунганга шар түзүлбөгөн, бул УКЖда да душевой, ошондой эле УКЖда желдеткич (вентиляция) жок, камералар абдан нымдуу болуп, жагымсыз жыт уруп турат.

Аныкталган укук бузуу фактылар боюнча жумушчу топ тарабынан акт түзүлүп, прокуратура органдарына жана облустук ички иштер башкармалыгына билдирүү жиберилди.

Сообщить о пытках