КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Бишкек райондук соту кыйноого шектелген милиция кызматкерлерин актады

Бишкек райондук соту кыйноого шектелген милиция кызматкерлерин актады

Киши өлтүрүү боюнча соттолгон Максат Балбаевдин айтымында, тартип сакчылар аны кыйнап, жок күнөөнү мойнуна алдырышкандыгы боюнча Свердлов райондук соту Аламүдүн ИИБнын ыкчам кызматкерлерине карата өкүм чыгарды. Сот айыпталуучуларды кылмыш курамынын жоктугу үчүн актады.

Максат Балбаевге жана анын жарандык аялына карата кыйноолор боюнча иш дээрлик жети жылга созулган. Бул мезгил аралыгында иш боюнча соттор жана прокурорлор бир нече жолу алмашып, сот отурумдары үзгүлтүккө учурап, улам жылдырып келген. 14-июнда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Аламүдүн ИИБнын кыйноолорго жана катаал мамилеге айыпталган үч ыкчам кызматкерине карата өкүм чыгарды. Сот кылмыш курамынын жоктугу үчүн үчөөнү тең актап, өкүмдүн оперативдүү бөлүгүн гана жарыялады.

Максат Балбаев 2014-жылдын декабрь айында тууганынын өлүмүнө шектелип кармалып, 23 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияга кесилген. Кылмышка айыпталуучу өзүнүн биринчи суракта айткан көрсөтмөсүнөн үч күндөн кийин баш тарткан. Аламүдүн райондук прокуратурасына 13-декабрда жолдогон анын арызында, ал кыйноолорго кабылгандыктан күнөөнү мойнуна алууга муктаж болгонун билдирген.

«Алар телевизордун үнүн катуу чыгарып коюп, мени милициянын резина таягы менен сабашты, башыма желим баштык кийгизишти, оозума тыгын салып, ошол эле учурда кийинки бөлмөдө отурган аялымды зордуктайбыз деп, коркутушту. Телефондон ыйлап жаткан аялымдын үнүн угуп, мен күнөөнү мойнума алып, кол койууга мажбур болдум ”, — деп Максат Балбаев дубал артында эмне болуп жаткандыгы жөнүндө кийинчерээк айтып берген.

Бул ишти 2019-жылдан баштап кароого алган адвокат Балбаева Алмагүл Турдумамбетованын айтымында, жактоочу тараптын кардарына каршы кыйноолор болгондугунун 50дөн ашык далили бар.

«Аны 10-декабрда саат 10.00дө кармашса, ошол эле күнү саат 22.00дө биринчи тергөө амалы жүргүзүлгөн. Эртеси Балбаевди адам өлтүрүү жагдайларын кайрадан көсөтүп берүүгө жеке адвокаттын катышуусунда алып келишкен жана ал адвокат биринчи суракка катышпаса да, айыпталуучунун күнөөсүн мойнуна алгандыгы менен таанышкандыгы жөнүндө протоколго кол койгон. Үй-бүлө мүчөлөрү адвокатты алмаштыргандан кийин, ал айыпталуучунун денесиндеги ур-токмоктун изин байкап, аны Чүй облустук ооруканасына текшерүү үчүн жиберүүгө жетишкен», — деп Алмагүл Турдумамбетова окуяларды тизмектеп берди.

Анын айтымында бул иште бир топ таң калыштуу жагдайлар бар. Биринчи анализде жабырлануучунун заарасында кан бар экени байкалса, андан көп өтпөй жүргүзүлгөн экинчи анализ таза чыккан. Ошол эле учурда, Чүй облустук ооруканасынын дарыгерлери, соттук-медициналык эксперт, кийинчерээк СИЗО-1деги медициналык мекеменин дарыгерлери денедеги жаракаттарды, гематомаларды жана мээнин чайкалышын каттоого алышкан. Бишкек шаарынын СИЗОсуна айыпталуучуну үч жолу кабыл албай коюшкан – анткени токмоктоо фактысы ачык көрүнүп турган. Ал эми кабыл алгандан кийин, тергөө жүрүп жаткан адамдын денесинде ур-токмоктун изи бар экендигин документте көрсөтүшкөн.

«Кыйноолор боюнча сот процесси канчага созулгандыгына таң калдым. Тергөө иши эки жылга жакын созулду. Свердлов райондук сотунда биздин сотту беш жолу алмаштырышты, соттук отурумдар чексиз кийинкиге жылдырылып жатты… Соттун буга чейинки өкүм чыгарылышы күтүлүп жаткан отурумунда, айыпталуучулардын бири ооруп жаткандыгына байланыштуу келбей калды. Ал эми ооругандыгы тууралуу медициналык маалымат бүгүн гана берди … Өкүмдүн өзү тууралуу айтсак, биз анын оперативдүү бөлүгүн гана уктук. Мындай өкүм эмненин негизинде жана эмне үчүн чыгарылганы түшүнүксүз. Албетте, биз акырына чейин акыйкат өкүм чыгар деп үмүттөнгөнбүз, бирок, тилекке каршы, акыйкаттыкка жете алган жокпуз», — деп юрист иштин жыйынтыгы боюнча билдирди.

«Биз бул өкүм таптакыр адилетсиз жана чыныгы далилдер эске алынбастан куралды деп эсептейбиз. Судья Кадыркулованын айыпталуучуларга карата лоялдуу мамилеси, аларга карата чара көрүлбөгөндүгү бир логикалык чынжырчаны түзүп жатат», — деп кошумчалады Балбаевдин адвокаты Бактыбек Жумашев.

Эми Максат Балбаевдин жана анын жарандык аялынын жактоочулары жогорку инстанцияга аппеляция менен кайрылууну көздөп жатышат.

(Маалымат булагы: «Эркиндик үнү» коомдук фонду)

Сообщить о пытках