КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

(Кыр) «Камералар толуп калган, свет жок, вентиляция иштебейт”: Баткен облустук ИИБ УКЖда (убактылуу кармоо жайында) көптөгөн укук бузуулар аныкталды

(Кыр) «Камералар толуп калган, свет жок, вентиляция иштебейт”: Баткен облустук ИИБ УКЖда (убактылуу кармоо жайында) көптөгөн укук бузуулар аныкталды

«Камералар толуп калган, свет жок, вентиляция иштебейт”: Баткен облустук ИИБ УКЖда (убактылуу кармоо жайында) көптөгөн укук бузуулар аныкталды

22-июндун кечинде күтүлбөгөн текшерүү сапар учурунда КР  Кыйноолорду алдын алуу Улуттук борборунун кызматкерлери Баткен облусундагы ИИБ УКЖда кармалган жарандардын укуктарын бузуу жана аларга карата адамкерчиликсиз мамиле кылынган фактыларды аныкташкан.

Текшерүү көрсөткөндөй, убактылуу кармоо жайында 26 адам болгон, ал эми камералар болсо 22 адамга гана ылайыкталган. Ал жайдын толуп калгандыгынан адамдар жерге жатууга аргасыз экен. Бул көрүнүш адамкерчиликсиз гана мамиле болбостон, санитардык эрежелердин талаптарынын бузулушун көрсөтүп жатат. Мыйзам боюнча камерада ар бир адамга каралган санитардык зонанын өлчөмү  3,25 чарчы метрди түзүшү керек.

Анан калса, бул антисанитарияны көрсөткөн жалгыз факты эмес. УКЖдын сейилдөө аянтчасында таштандылар толгон бактар тизилип турат. Журналдардагы жазууларга караганда санитардык эпидемиологиялык кызмат 18-январдан тарта УКЖна келбегендиги  жабык мекемеде ар түрдүү инфекциялык оорулардын таралышына өбөлгө болгон.

“УКЖнын башчысы милициянын майору Э. Борубаев өз милдетине шалаакы мамиле кылгандыгы да  ушул акыбалга алып келген. Коронавирус илдети күч алып турган мезгилде кармалып турган жарандардын ден-соолугуна көзөмөл болгон эмес, камераларда жана башка бөлмөлөрдө ар күнү дезинфекциялык каражаттарды колдонуу менен тазалоо жүргүзүлгөн эмес. Эгерде УКЖнын башчысы эрежелерге ылайык иш алып барган болсо мындай көрүнүш болмок эмес”, — деп баса белгиленди.

Ошондой эле УКЖнын жуунучу бөлмөлөрүндө  электр жарыгы жоктугун жана вентиляция иштебегендигин адистер аныкташкан.

“Шектелүүчүлөр жана айыпталуучулар жумасына бир жолу 15 мүнөттөн кем эмес душка түшүүгө укуктары бар. Бирок жуунуга шарттар болбосо бул нормалар кантип аткарылууда? Бул кемчиликтерди жоюу үчүн тиешелүү чараларды көрүү зарыл”, — деп белгилешти борбордун өкүлчүлүгүндө.

Мындан тышкары убактылуу кармоо жайында кармалгандардын өздүк делолорун кароодо УКЖда бир нече айдан жана бир нече жылдан бери кармалган 18 адам бар экендиги аныкталды!

“Белгилей кетсек, Ош шаарында жайгашкан №25 тергөө колониясына 2 айга камакка алууга соттук акт бар. Бул адамдардын УКЖда 48 сааттан  ашык же бир ай аралыгында он суткадан ашык кармалышы – мыйзам бузуу болуп саналат”, — деп  Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору түшүндүрүштү.

Ошондой эле УКЖдагы отурган Х.М. өздүк делосун кароодо 2021-жылдын 21-апрелинде Баткен райондук сотунун тергөө судьясы ага карата 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Тактап айтканда, бул адам 20-июнга чейин Ош шаарындагы №25 камакка алынууга кетирилген. Бирок ага карабастан ал мекеме жеткирилген эмес, 20-июнда саат 10.00до ага карата кармоо токтотулганы менен ал Баткен  райондук ички иштер башкармалыгынын УКЖды калтырылган.

“Белгилей кетсек, Баткен РИИБнын УКЖнан №25-мекемесине этап кылуу акыркы жолу 14-июнда жүргүзүлгөн. Демек, УКЖдын башчысы Э. Борубаев атайын эле соттун актысын аткарбай жатат. 20-июнда кармоо мөөнөтү бүткөнүн жана сот аны узартпаганын билип туруп  мыйзамсыз иш-аракет кылган. Ошондуктан УКЖдагы Х.М. отургандыгынын мыйзамдуулугун текшерүү зарыл”, — деп улуттук борбордун өкүлчүлүгүндө кошумчаланды.

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун аймактык өкүлчүлүгү “соттун чечими жок ошондой бекитилген мыйзамдын талаптары болбосо эч ким кармалбашы, камакка алынбашы жана эркиндигинен ажырабашы керек” деген КР Конституциясынын 59-беренесинин 3-бөлүгүнө, ошол эле берененин 4-бөлүгүндөгү: “соттун чечими жок эч ким 48 саатан ашык камалбашы керек” жана КР Мыйзамынын “Кылмыш жасаганга шектүү жана айыпталуучу адамдарды камакка алуунун тартиби жана шарттары жөнүндө” 46-беренесине таянууда. “Кармоочу жайдын башчысы (орун басары) алдын ала 24 сааттан кем эмес убакыт аралыгында шектелүүчүнүн же айыпталуучунун кармалуучу мөөнөтү аяктап жатканын көзөмөл жүргүзүүчү прокурорго билдирүүсү керек” деп мыйзамда айтылган.

“Бирок УКЖнын башчысы Э. Борубаев прокуратурага мындай арыз бергендигин тастыктап бере албады”, — деп адистер белгилешти.

УКЖда отургандардын өздүк делолорун текшерүүдө  улуттук борбордун аймактык өкүлчүлүтөрүнүн  кызматкерлери анкеталар толтурулбагандыгын аныкташты. Айрым делолордо жеке тинтүү жүргүзүү протоколдору объективдүү эмес түзүлгөн, себеби 1.6 пункттун эрежелери боюнча “УКЖна киргизилген адамдарды тинтүү күбөлөрдүн көзүнчө өтүп, дактилоскопирование жүргүзүлүп, жеке буюмдары текшерилет. Тинтүү бир жыныстагы адамдар тарабынан жүргүзүлүп, күбөлөр да бир жыныста болушу керек”.

УКЖда кармалган жарандар үчүн биринчи жардам көрсөтүү аптечкасын текшерүүдө мөөнөтү өтүп кеткен дарылар табылган.  УКЖнын тергөө бөлмөсүндө столдор жана отургучтар бош жана полго бекитилген эмес, бул кооптуу болушу мүмкүн.

Мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча акт түзүлдү. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери аталган укук бузууларды  иликтөөгө алуу, бул фактыларды мыйзам чегинде жоюу  жана жооптуу кызматкерлерге карата чара көрүү өтүнүчү менен прокуратурага кайрылышты.

Сообщить о пытках