КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбор сунуштарды илгерилетүү стратегиясын жакшыртат

Кыйноолордун алдын алуу боюнча Улуттук борбор сунуштарды илгерилетүү стратегиясын жакшыртат

Жаңы моделди талкуулоо үчүн Бишкекте өткөн семинарга республиканын бардык аймактарынан улуттук борбордун өкүлдөрү келип катышты

18-19-майда Бишкек шаарында Кыргызстандагы кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбордун (КАУБ) сунуштарын жайылтуунун натыйжалуулугун арттыруу боюнча семинар болуп өттү. Эки күндүк иш-чара республиканын бардык аймактарынан келген борбордун өкүлдөрүнүн катышуусунда уюштурулду. Анда “Коомдук кызыкчылыктарды коргоо борбору” КФнун директору, КАУБ координациялык кеңешинин төрагасынын орун басары Айдар Сыдыков негизги тренер катары иш чараны алып барды. Анын жүрүшүндө, адис борбор тарабынан 2013-жылдан бери мамлекеттик органдарга берилген сунуштарды талдоого алып, андагы катачылыктар менен кемчиликтерди көргөздү.

— Жыл сайын биз ар кандай мамлекеттик органдарга 50гө жакын сунуш беребиз, аны алар Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгып, улуттук борбордун ар жылдык отчетуна киргизишип, кароого алышат. Бирок биз талдоо жүргүзүү аркылуу, бул сунуштар жылдан жылга кайталанып каралып, ведомстволор тарабынан көз жаздымда калып жаткандыгын байкадык. Сунуштардын аткарылбаганы үчүн алар эч кандай жоопкерчиликке тартылбайт. Өзүнүн токтому менен республиканын парламенти кабыл алынган бардык сунуштарды алты айдын ичинде ишке ашырууну тапшырат, бирок ошол эле учурда ЖКнын өз чечиминин аткарылышын көзөмөлдөөчү механизм жок – дейт, Кыргызстанда кыйноолорду жана адамдарга ырайымсыз мамиле кылууну алдын алуу Улуттук борборунун директорунун орун басары Динара Саякова көйгөйдү билдирип жатып.

КАУБнын жетекчилигинин баамында, мамлекеттин адам укуктарын көзөмөлдөө жана жабык мекемелердеги адамдардын жашоо-шартын жакшыртууга жетишүү үчүн, иштелип жаткан стратегия өз сунуштарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө жана мониторинг жүргүзүүгө, кыйноолор менен кырдаалды өзгөртүү жана активдүү аракет кылуу үчүн борбордун мандатын туура пайдаланууда жигердүү кадамдарды жасоого жардам берет.

Сообщить о пытках