КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча улуттук борбор Владимир Косаштын ишинин жүрүшүн көзөмөлдөйт

Кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча улуттук борбор Владимир Косаштын ишинин жүрүшүн көзөмөлдөйт

Кыйноолорго каршы күрөшүү боюнча улуттук борбор Владимир Косаштын ишинин жүрүшүн көзөмөлдөйт

Бишкек шаарынын тургуну 2019-жылы Октябрь райондук ИИБнын милиция кызматкерлери тарабынан кыйноого алынгандыгы жөнүндө жарыялаган. Бул иш 2,5 жылдан бери бир орундан жылбай келет.

Октябрь райондук ИИБнын кызматкерлери тарабынан, милиция өкүлүн өлтүрүүгө аракет кылгандыгы үчүн кармалып, учурда соттолгон Владимир Косашка карата кыйноолор боюнча иш 2,5 жылдан бери уланууда.

Эске салсак, анын жактоочусунун айтымында, 2019-жылдын 17-январында Бишкек шаарынын тургуну мас абалында, галлюцинациядан жабыркап, өзү милиция кызматкерлерин үйүнө чакырган. Чакырууга келген аймактык милиционер анын колундагы бычакты алууга аракет кылганда, келишпестик жаралып, жыйынтыгында милиционер кокусунан колунан жаракат алган.

Жактоочу тараптын билдирүүсүнө караганда, андан кийин Косашты милициянерди өлтүрүүгө аракеттенгендигин мойнуна алуусун талап кылып, аны эс-учун жоготкончо урушуп, кабыргаларын сындырып, кыйноого алышкан. Натыйжада айыпталуучу сегиз жылга эркинен ажыратылган.

Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборуна (КАУБ) бул адамга карата зөөкүрлүк мамиле жасалгандыгы тууралуу маалымат 2019-жылдын 1-февралында белгилүү болгон. Ошол эле күнү, КАУБ кызматкерлери Владимир Косаш кармалып жаткан №47 түзөтүү колониясында болушкан. Жабырлануучуга карата кыйноолор колдонулгандыгы жөнүндө билдирүү жана денеге залал келтирилгендиги жөнүндө акт түзүлүп, Октябрь райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки материалдар КР УКМКга жөнөтүлгөн.

«Учурда КР УКМКнын Бишкек шаары боюнча тергөө органы акыркы процессуалдык чечимди дале чыгара элек. Алар КАУБдин суроо-талабына, жогорудагы сот өндүрүшү боюнча иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө аракеттери улантылып жаткандыгы тууралуу жооп беришүүдө. Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбор Владимир Косаштын ишинин жүрүшүн көзөмөлдөөнү дагы да уланта берет», — деп КАУБдан билдиришти.

Сообщить о пытках