КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Сынак жарыяланат!

Сынак жарыяланат!

«Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, уставдык ишмердүүлүгү адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого же көмөк көрсөтүүгө байланышкан коммерциялык эмес уюмдарга Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Координациялык кеңешинин 5 (беш) бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс жарыялайт.

Координациялык кеңешке талапкерди көрсөтүү үчүн коммерциялык эмес уюмдарга коюлган талаптар:

Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык уставдык иши адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого же коргоого көмөктөшүү менен байланышкан, мамлекеттик органдардын катышуусуз түзүлгөн, каржыланган жана/же башкарылган коммерциялык эмес уюм жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык уюмдар Координациялык кеңештин мүчөлүгүнө бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.

Коммерциялык эмес уюм тарабынан көрсөтүлгөн талапкерге коюлуучу талаптар:

Улуттук борбордун Координациялык кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерди көрсөтүү жөнүндө коммерциялык эмес уюмдун чечимине төмөнкүлөр тиркелет:

  • арыз;
  • талапкердин паспортунун көчүрмөсү;
  • дипломдун көчүрмөсү;
  • тиешелүү иш стажын ырастаган эмгек китепчесинин көчүрмөсү же бул иш тажрыйбасын тастыктаган коммерциялык эмес уюмдун каты;
  • адамдын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы коммерциялык эмес уюмдун иши жөнүндө уставдын көчүрмөсү (выписка);
  • соттолбогондугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен маалымкат;
  • кыйноолордун жана катаал мамиленин курмандыктарын коргоонун юрисдикциялык ыкмаларын акыркы 5 жыл ичинде коммерциялык эмес уюмдан көрсөтүлгөн талапкер тарабынан колдонулганынын документтик далилдери:
  • камактагы жана эркиндигин чектөө жайларына мониторинг жүргүзүү боюнча коммерциялык эмес уюмдун акыркы 5 жыл ичиндеги отчетунун көчүрмөсү;
  • башка коммерциялык эмес уюмдардан үч сунуш.

Электрондук почта боюнча документтер кабыл алынбайт.

Ушул Жободо талап кылынган документтердин түп нускалары текшерүү үчүн талапкерлер тарабынан жумушчу комиссиянын мүчөлөрүнө анын жыйналышында көрсөтүлөт.

Сынакка катышуу үчүн зарыл болгон документтер 2024-жылдын 14-апрелине чейин Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 «Б», 7-кабат, 702-1 кабинет дареги боюнча кабыл алынат.

Кошумча суроолоруңуз болсо (0312) 66-37-18 телефону аркылуу кайрылыңыз.

Сообщить о пытках