КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Конкурс жарыяланат!

Конкурс жарыяланат!

Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр – баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору

«Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын тγрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнγндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8 беренесине ылайык төмөнкү  бош кызматтык орундарга конкурс жарыялайт:

  1. Борбордук аппарат:
  • координациялоо, уюштуруучулук жана аналитикалык иш бөлүмүнүн бөлүм башчысы – 1 бош орун;
  • иш кагаздар жана кадрлар боюнча эксперти – 1 бош орун;

2. Ыссык-Көл областы боюнча аймактык өкүлчүлүк:

  • Аймактык өкүлчүлүктүн жетекчиси – 1 бош орун.

Координациялоо, уюштуруучулук жана аналитикалык иш бөлүмүнүн бөлүм башчысынын жана Ыссык-Көл областы боюнча аймактык өкүлчүлүктүн жетекчиси жана иш кагаздар жана кадрлар боюнча эксперттин кызматтарына көрсөтүлүп жаткан талапкерлерге коюлуучу талаптар:

Жогорку билимдүү, юрист, педагог, дарыгер, психолог, психиатр, социалдык кызматкер болуп иштөө тажрыйбасы, ошондой эле мигранттар, жашы жетелектер, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар сыяктуу коомдун алсыз топтору, этностук жана тилдик азчылыктар менен иштөө тажрыйбасы бар, ошондой эле эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларын башкарууну жана көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун кесипкөй тажрыйбасы же эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына мониторинг жүргүзүү тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган, аракетке жөндөмдүү кандай болбосун адам Улуттук борбордун кызматкери болуп шайлана алат.

Соттор, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жазык-аткаруу тутумунун кызматчылары, эркиндиги чектелген жайларда иштеген адамдар (жашы жетелектер, аялдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, мигранттар, жандуу оорулуулар, ж.б.у. сыяктуу өзгөчө алсыз топтор жыш топтолгон жайлар), ошондой эле кылмыш жасаганы үчүн соттолгондугу бар адамдар Улуттук борбордун кызматкери боло алышпайт.

Квалификациялык талаптар

Төмөнкү ченемдик укуктук актыларды билүү:

– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

– Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин;

–  Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин;

– Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексин;

– «Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын;

– Кыйноолорго жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге жана жазанын түрлөрүнө каршы конвенцияны жана ага карата Факультативдик протоколу;

– Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактты;

– Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-июлундагы № 517 токтому менен бекитилген).

Конкурска катышуу үчүн керектелүүчү документтер:

  1. Жеке арыз.
  2. Кадрларды каттоо жөнүндө барагы, сүрөт 3*4.
  3. Паспорт же инсандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү.
  4. Кесиптик билим, иш тажрыйбасы жана сапаттарын ырастоочу документтери (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билимий окутуу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү, кадрларды башкаруу боюнча кызматтардын ишинин нотариус же иштеген жери тарабынан күбөлөндүрүлгөн).
  5. Эч кандай кылмыш жазабагандыгы тууралуу ыйгарым укуктуу ички иштер органынан маалым кат.
  6. Мурунку жумуш ордунан, ошондой эле эл аралык жана өкмөттүк эмес укук коргоо уюмдар тарабынан сунуш кат.

Документтер электрондук почта аркылуу кабыл алынбайт.

Документтердин түп нускалары салыштырып текшерүү үчүн талапкерлер тарабынан Координациялык кеӊештин мүчөлөрүнө анын жыйынында сунушталат.

Конкурска катышууга талап кылынган документтер 2021 – жылдын                            23 – ноябрынын 18.00 чейин төмөнкү дарек аркылуу кабыл алынат: Бишкек шаары, Киев көчөсү, 96 «Б», 7-кабат, 702-1-кабинет.

Кошумча суроолор боюнча – (0312) 66-37-18, (0554) 999-222 телефону менен байланышса болот.

Кыйноолор боюнча билдирүү