КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Партнеры

Кыйноолордун превенциясын (алдын алуусун) шериктештерсиз турмушка ашыруу мүмкүн эмес. Биз пикир алышуу органы болуп эсептелебиз – УАМ өзгөчөлүгү мына ушунда. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү коммерциялык эмес уюмдар, ошону менен бирге эл аралык уюмдар жана чет өлкөлүк өкмөттүк эмес уюмдар биздин шериктештерибиз болуп эсептелет.

 

Кыйноолордун алдын алуудагы шериктештер:

  • Мамлекеттик органдар жана ведомстволор
  • Жергиликтүү укук коргоо институттары
  • Эл аралык уюмдар
  • Чет өлкөлүк укук коргоочу институттар
  • Жарандык коом
  • Жалпыга маалымдоо каражаттары
  • Медициналык кызматкерлер
  • Жактоочулар жана юристтер

 

Мамлекеттик органдар жана ведомстволор:

  • Парламент – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши
  • Кыргыз Республикасынын Президенти
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
  • Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы
  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги
  • Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
  • Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети
  • Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы
  • Кыргыз Республикасынын Чек ара мамлекеттик кызматы
  • Мэриялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
  • Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)

 

Жергиликтүү укук коргоо институттары:

  • “Бир дүйнө – Кыргызстан” укуктук кыймылы
  • Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы коалиция

Кыргызстандагы Кыйноолорго каршы коалиция 2011-жылы түзүлгөн. Ал – Кыргыз Республикасында кыйноолордун алдын алуу жана аны менен күрөшүү максатында бириккен, өкмөттүк жана коммерциялык эмес уюмдардан, жарандык активисттерден жана алардын жактоочуларынан түзүлгөн  бейформалдуу бирикме болуп эсептелет.

Азыркы учурда Кыйноолорго каршы коалицияга 16 өкмөттүк эмес уюм кирет:

“Адам укуктары боюнча эдвокаси борбору” ИИӨБ, “Баланын укуктарын коргоочуларынын лигасы” КБ, ““Презедент” шериктештик тобу” КБ, “Вентус” КБ, “Биригүү бирикмеси”КБ, “Акыйкаттык” КУКУ, “Войс оф фридом” КФ, “Альтернатива” КФ, “Эркиндик үнү” КФ, “Кылым Шамы” КФ, “Соломон шооласы”, “Жаштар укук коргоо тобу” КФ, “Көз карандысыз укук коргоо тобу” КФ, “Спектр” социалдык-укуктук уюму, “Эл аралык коргоого көмөктөшүү борбору” КФ, “Акцент” КФ жана эки жарандык активист— Икрам Мамешов жана Алмаз Эсенгельдиев.

 

Эл аралык уюмдар:

  • Кыйноолордун алдын алуу боюнча БУУ комитетчеси
  • Борбордук Азиядагы БУУ АУБКБ
  • ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси
  • “Сорос-Кыргызстан” Фонду
  • Кыргызстандагы “Фридом Хаус”
  • Фридриха Эберттин Фонду

 

Чет өлкөлүк укук коргоо институттары:

  • Кыйноолордун алдын алуу боюнча ассоциация (Швейцария)
  • Бристоль атындагы Адам укуктарын имплементациялоо боюнча институт (Улуу Британия)
  • Больцман атындагы Адам укуктары боюнча институт (Австрия)

 

Жалпыга маалымдоо каражаттары

  • “Барбордук Азиянын эркиндик үнү” – аймактык укук коргоо порталы
  • «Кечки Бишкек» БҮ
  • АКИпресс маалымат порталы
  • Маалымат жана оюн-зоок порталы Kaktus.media

Кыйноолор боюнча билдирүү