КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Укуктук кепилдиктер

Кыргыз Республикасы кыйноолорду колдонгонго тыюу салган. 1996-жылдын 26-июлунда өлкөбүз БУУнун Кыйноолорго жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиле жана жазалоого каршы конвенциясына (ККК) кошулган.  Кыйноолорго каршы конвенцияга Факультативдик протокол (КККФП) Конвенциянын кошумча бөлүгү болуп эсептелет, ал өзүнө Конвенцияны кошумчалай турган, бирок ага киргизилбеген жоболорду жана процедураларды камтыйт. Бул протоколду Кыргыз Республикасы 2008-жылдын 29-декабрында ратификациялаган.

КЫСКАРТУУЛАР ТИЗМЕСИ

  • КР ЖАК – Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодекси
  • ЖСУЭП -Жарандык жана саясый укуктар жөнүндөгү эл аралык пакт
  • БУК – Балдар укуктары жөнүндөгү конвенция
  • ККК – Кыйноолорго жана катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиле же жазалоонун башка формаларына каршы конвенция
  • ККК ФП – Кыйноолорго каршы конвенцияга факультативдик протокол
  • УСАЖК – Укук тартибин сактоо боюнча адамдардын жүрүм-турум кодекси
  • КДАК ПЖ – Кармоо же камакка алуунун кандай гана формасына болбосун дуушар болгон бардык адамдарды коргоо принциптеринин жыйнагы
  • КМЭ МС – Камактагы адамдарга мамиле кылуу эрежелеринин минималдуу стандарттары
  • КК НП – Укук тартибин сактоо боюнча органдар тарабынан күч жана ок атуучу куралдарды колдонуунун негизги принциптери
  • КМ НП – Камалгандарга мамиле кылуунун негизги принциптери
  • АУК ЖМС – БУУ Адам укуктары боюнча комитетинин жалпы мүнөздөгү сын пикирлери
  • ЭАЖ КЭ – Эркиндигинен ажыратылган жашы жете электерди коргоо боюнча БУУ эрежелери
  • ПОА КП – Психикалык жагынан оорулуу адамдарды коргоо жана психиатриялык жардамды жакшыртуу принциптери

 

 

 

 

 

 

 

 

Изилдөө маселеси Стандарт

Мыйзамдан үзүндү

Эл аралык укуктун жана улуттук мыйзамдын ченемдерине шилтеме
Эркиндигинен ажыратылган же чектелген адамга мамиле кылуу
Кыйноолор жана катаал, адамгерчиликсиз мамиле кылуу Эч ким кыйноолорго, башка адамкерчиликсиз, мыкаачылык же кадыр-баркты басмырлаган мамилеге же жазалоого туш болушу мүмкүн эмес. Эркиндигинен ажыратылган ар бир адам өзүнө гумандуу мамиле жасалышына жана адамдык кадыр-баркынын сакталышына укуктуу.

Бир да адам кыйноолорго же катаал мамилеге дуушар болбойт. Кыйноолорду же катаал мамилени колдонуу жөнүндөгү ар бир арыз кечиктирилгиз түрдө жана дыкаттык менен тергелген, тергөөнүн натыйжалары компетенттүү мамлекеттик органдарга берилген

КР Конституциясы, 22-ст.

 

ЖСУЭП 7-ст., 24-ст. (балдарга тиешелүү)

ККК 1-,2-,16- ст.

БУК 19-,37- ст.

КДАК ПЖ 6-ст.

КМЭ МС 31-ст.

Күч же чектөө чараларын колдонуу  

Жазасын өтөп жаткан адамдар кызматчылардын сылык мамиле жасашына укуктуу. Алар катаал же адамдын кадыр-баркын кемсинткен мамилеге кириптер болбоого тийиш. Соттолгондорго карата мажбурлоо чаралары ушул Мыйзамдын негизинде гана колдонулушу мүмкүн.

Күч мыйзамдуу түрдө гана, аргасыз зарылдык катары жана колдон келишинче минималдуу даражада. Ар бир күч колдонуу документтештирилген, бул тууралуу отчет тапшырылат жана колдонуу зарылдыгы, шайкештиги жана орнотулган процедураларга төп келиши өңүтүнөн каралган. Ар бир күч колдонууда медициналык изилдөөгө жана дарылоого күтүүсүз жетүү камсыздалат. Эркиндигин кошумча чектөө каражаттары мыйзамдуу түрдө жана зарыл болгон узактыкта, жазалоо чарасы катары эмес колдонулат.

КР ЖАК 1-ст.

Күчтү колдонуу: КМЭ МС 54-ст.

КК НП 9-, 15-, 16-ст.

УСАЖК 3-ст.

Эркиндигин кошумча чектөө: КМЭ МС 33-34-ст.

ЭАЖ КЭ 64-ст.

ПОА КП 11-ст.

Жалгыз камоо  

Жаза-чарасы тартибинде камералык типтеги жайларга же жеке камераларга которулган соттолгондор төмөнкүлөргө укуктуу:

1) түзөтүү мекемесинде иштеп тапкан акчасын күнүмдүк тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү предметтерди сатып алууга чыгымдоого;

2) бир аманат жиберүү же берип жиберүү жана бир бандероль алууга;

3) күн сайын бир жарым саат узактыктагы сейилдөөдөн пайдаланууга.

 

Жазалоо тартибинде камералык типтеги имарат-жайларына же жалгыз камераларга которулган соттолгондор төмөнкүлөргө укуктуу:

1) түзөтүү мекемесинде иштеп тапкан, мыйзамда белгиленген эң аз айлык акынын 50%нан ашпаган сумманы тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып алууга чыгымдоого;

2) бир аманат жөнөтүү же берип жиберүү жана он бандероль алууга;

3) күн сайынкы бир жарым сааттык сейилдөөдөн пайдаланууга;

4) мекеменин администрациясынын уруксаты менен бир кыска мөөнөттүү жолугушуу алууга.

Камералык типтеги имарат-жайларына же жалгыз камераларга которулган соттолгондор башка соттолгондордон өзүнчө иштешет.

Адамды жалгыз камоо узак мөөнөттүү болбоого, ага  медициналык изилдөө жетүү, жалгыз камоо чечимин кайрадан карап чыгуу жана апелляция менен кайрылуу сыяктуу кепилдиктер берилүүгө тийиш. Мындай шарттардагы адамга күндөлүк керектелүүчү нерселерге, анын ичинде тамак-ашка, жарыкка, дене тарбиялык көнүгүүлөргө жетүүгө эч убакта тыюу салынбоого тийиш.

Жашы жете элек адамга карата жалгыз камоо түрүндөгү жазалоону берүү – бул анын укуктарын түздөн түз бузуу болуп эсептелет.

КР ЖАК 90-ст.

ОП ОЗ 7-ст.

БУУ АУК ЖМС №20

6-ст.

КМЭ МС 32-ст.

Коргоо чаралары
Маалымат  

Кармалган ар бир адамга токтоосуз түрдө кармоонун жүйөлөрү менен анын укуктары түшүндүрүлүп, медициналык жактан кароо жана врачтын жардамынан пайдалануу укугу менен кошо, анын укугу камсыз кылынышы керек.

Адамдар эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында төмөнкүлөргө укуктуу:

— ички тартип эрежелеринин тексти менен таанышууга, анын ичинде өзүнүн укуктары жана милдеттери, камакта кармоонун тартиби, тартиптик талаптар, сунуштарды, арыздарды, даттанууларды берүү тартиби жана башкалар жөнүндө маалымат менен таанышууга.

Эркиндигинен ажыратылган адамдар алардын укуктары жана милдеттери, эркиндигинен ажыратуу жайларынын эрежелери тууралуу натыйжалуу маалымдалган. Камоого алынган адамдарга аларды камоо себептери, коюлган күнөө жана алардын укуктары тууралуу маалымат берилген. Сурактар мыйзамда орнотулган процедураларга ылайык өткөрүлөт.

КР Конституциясы 24-ст. 5-п.

КР “Кылмыш жасагандыгы боюнча шектүү катары кармалып айыпталган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө”мыйзамы, 16-ст.

КДАК ПЖ 10-,13-ст. КМЭ МС 35-ст.

ПОА КП 12-ст.

Дисциплиналык  процедуралар  

Соттолгондор Кыргыз Республикасынын жаранынын мыйзамдарда белгиленген милдеттерин аткарууга, ошондой эле коомдо кабыл алынган жүрүш-туруштун адеп-ахлактык ченемдерин сактоого тийиш.

Соттолгондор жаза өтөөнүн тартибин жана шарттарын аныктаган жазык-аткаруу мыйзамынын, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого милдеттүү.

 

Соттолгондор жазаны аткаруучу мекемелер менен органдардын администрациясынын мыйзамга негизделген талаптарын аткарууга милдеттүү.

Дисциплиналык процедуралар түшүнүктүү, ачык-айкын эрежелер аркылуу орнотулган, алар персоналга да, эркиндигинен ажыратылган адамдарга да жакшы белгилүү. Эрежелер жана санкциялар жүйөлүү, шайкеш келет, адилеттүү жана ырааттуу түрдө колдонулат. Эркиндигинен ажыратылган адамдар коргонууга даярданууга жана даттанууга укуктуу.

КР ЖАК 10-ст.

КМЭ МС 27-32-ст.

КДАК ПЖ 30-ст.

Даттануулар жана текшерүүлөр  

Соттолгондор Кыргыз Республикасынын жаранынын мыйзамдарда белгиленген милдеттерин аткарууга, ошондой эле коомдо кабыл алынган жүрүш-туруштун адеп-ахлактык ченемдерин сактоого тийиш.

Соттолгондор жаза өтөөнүн тартибин жана шарттарын аныктаган жазык-аткаруу мыйзамынын, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоого милдеттүү.

Соттолгондор жазаны аткаруучу мекемелер менен органдардын администрациясынын мыйзамга негизделген талаптарын аткарууга милдеттүү.

 

Соттолгондор түшүндүрмөлөрдү берүүгө, кат алышууга, ошону менен бирге бул статьянын төртүнчү бөлүмүндө белгиленген сунуштар, арыздар менен эне тилинде же башка тилде кайрылууга жана зарыл учурларда котормочулардын тейлөө кызматтарынан пайдаланууга укуктуу. Соттолгондорго жооптор кайрылуу тилинде берилет. Кайрылуу тилинде жооп берүүгө мүмкүнчүлүк жок болгондо, жооп мамлекеттик же расмий тилде берилет. Кайрылуу тилине которуу жазаны аткарган мекеме же орган тарабынан камсыздалат. Соттолгондор алардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулушу менен байланыштуу маселелер боюнча сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды жибере алышат.

Соттолгондордун сунуштары, арыздары жана даттануулары оозеки же жазуу түрүндө болушу мүмкүн. Алар жаза аткаруу мекемесинин, органдын администрациясы тарабынан каралат. Эркиндигинен ажыратылган адамдар даттанууларды жиберүүнүн натыйжалуу тышкы жана ички механизмдерине жете алышат – алар терс натыйжалардан коркпой эле каалаган учурда  даттануу менен кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Даттануулар адилеттүү жана акылга сыйган мөөнөттө натыйжалуу каралат.

текшерүүлөр ар дайым өткөрүлүп турат, адамдар эркин түрдө жана купуя сырдуулукту сактоо менен укук коргоо органдарына кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

 

КР ЖАК 11-ст., 14-ст.

КМЭ МС 55-ст., 35-36-ст.

КДАК ПЖ 29-,33-ст. ПОА КП 14-,18-,19-,21-,22-ст.

 

Эркиндигинен ажыратылган адамдардын категориялары  

Түзөтүү мекемелеринде аялдар менен эркектерди; жашы жете электер менен эрезеге жеткендерди бөлөк-бөлөк кармоо белгиленет.

Эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон эркектер менен аялдар эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны мурда өтөп жаткандардан бөлөк кармалат. Эркиндигинен ажыратууга биринчи жолу соттолгон аялдар бул жазаны мурда өтөп жаткандар менен бир түзөтүү мекемесинде кармалышы мүмкүн эмес. Өтө коркунучтуу өнөкөт кылмыш үчүн соттолгондор эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгондор, ошондой эле эркиндигинен өмүр бою ажыратуу ырайым берүү тартибинде эркиндигинен ажыратуу менен алмашылгандар башка соттолгондордон бөлөк кармалат.

Соттордун жана укук коргоо органдарынын соттолгон мурдагы кызматкерлери өзүнчө түзөтүү мекемелеринде, болбосо башка соттолгондордон өзүнчө кармалат. Бул мекемелерге башка соттолгондор да жөнөтүлүшү мүмкүн.

Ушул статьяда белгиленген соттолгондорду бөлөк кармоонун талаптары дарылоо түзөтүү мекемелерине, ошондой эле алдында балдардын үйү бар түзөтүү абактарына жайылтылбайт. Аталган мекемелерге жөнөтүлгөн адамдар сот тарабынан дайындалган абактын ошол түрү үчүн мыйзамда белгиленген шарттарда кармалат.

Ар кандай жугуштуу ооруларга чалдыккан соттолгондор бири-биринен бөлөк жана оорубаган соттолгондордон өзүнчө кармалат.

Эркиндигинен ажыратылган адамдарды коргоо жана бул адамдардын түрдүү категорияларынын атайын муктаждыктарын камсыздоо  үчүн алар жыныстык, курактык белгилери боюнча жана укуктук статусуна ылайык өзүнчө кармалууга тийиш: жашы жете электер эрезеге жеткендерден бөлөк-бөлөк кармалууга тийиш.

Айыпкер соттолгон адамдар бөлөк кармалат. Эркектер менен аялдар да бөлөк кармалат. Балдар жана жаштар, аялдар жана кары адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар, чет өлкөлүктөр, азчылыктардын өкүлдөрү жана башка аярлуу топтор сыяктуу өзүнчө топтордун конкреттүү муктаждыктарына өзгөчө көңүл бурулат: алардын коопсуздугун камсыздоо, бардык объектилерге жана тейлөө кызматтарына бирдей жетүү мүмкүнчүлүгү, кармоо жана мамиле кылуу шарттары алардын муктаждыктарына туура келет.

КР ЖАК 52-ст.

ЖСУЭП 10 (2) -ст.

АУК ЖМС №21 9-п.

АУК ЖМС №20 13-п.

КМЭ МС 8-, 85-ст.

ЭАЖ КЭ 29-ст.

КДАК ПЖ 8-ст.

Каттоо  

Эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар жазасын өтөө үчүн тергөө изоляторунун администрациясы өкүмдүн мыйзамдуу күчүнө киргендиги тууралу кабар алган күндөн тартып, он күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт. Ушул мөөнөттүн ичинде соттолгон жакын туугандары менен кыска мөөнөткө жолугушууга укуктуу болот. Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине жөнөтүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

Тергөө изоляторунун администрациясы соттолгондун тандап алуусу боюнча үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине же туугандарына өкүм мыйзамдуу күчүнө кирген адам жазасын өтөө үчүн кайда жөнөтүлүп жаткандыгы жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.

Эркиндигинен ажыратууга соттолгондордун ар бирине жекече иш ачылат.

Соттолгондорду түзөтүү мекемелерине кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте администрация тарабынан жүргүзүлөт.

Түзөтүү мекемелерине келген соттолгондор он суткага чейинки мөөнөткө карантиндик бөлүмгө жайгаштырылат.

Түзөтүү мекемесинин администрациясы соттолгондун каалоосу боюнча үй-бүлө мүчөлөрүнүн же туугандарынын бирине жазасын өтөө үчүн келген жер жөнүндө токтоосуз түрдө кабарлайт.

 

Расмий түрдө эркиндигинен ажыратылган адамдарды идентификациялоого, аларды эркиндигинен ажыратуу үчүн негиздөөнүн мыйзамдуулугуна байланыштуу маалыматтар, кармоо убактысы, мекемеге келүү жана андан кетүү убактысы, мекемеге жеткирилген жана андан чыгып кеткен учурдагы дене боюнун абалы, мекемеде болгон инциденттердин сыпатталышы.

КР ЖАК 47-ст., 51-ст.

КДАК ПЖ 12-ст.

КМЭ МС 7-ст.

БУУ  АУК ЖМС №20 11-п

Жашоо-тиричилик шарттары
Жашоо шарттары  

Эркиндигинен ажыратууга соттолгон, иштеген адамдар милдеттүү түрдө мамлекеттик социалдык камсыздандырылууга тийиш, ал эми соттолгон аялдар жалпы негиздерде кош бойлуулугуна жана төрөгөндүгүнө байланыштуу жөлөкпул менен да камсыз кылынат.

Түзөтүү абактарында соттолгон бир адамга эсептегенде турак-жай аянтынын ченеми эки чарчы метрден кем болбоого тийиш

Соттолгондорго өзүнчө жата турган орун жана төшөнчү берилет.

Түзөтүү мекемелеринде соттолгон аялдар үчүн зарыл болгон учурда балдар үйлөрү уюштурулат.

 

Эркиндигинен ажыратуу жайларында адамдар алардын жеке муктаждыктарына туура келген, коопсуз, таза, беделин түшүрбөгөн шарттарда кармалат. Жашоо шарттары: мейкиндик, жарык, желдетүү, жылытуу, гигиена, кийим жана төшөнчү, азык өнүмдөрү, суусундуктар жана көнүгүүлөр – ден соолугун, беделин, жеке турмушунун кол тийбестигин жана адамдардын башка муктаждыктарын камсыздоого жетиштүү.

КР ЖАК 70-72-ст.

КМЭ МС 9-14-,26-ст.

Жеке гигиена, санитария  

Түзөтүү мекемелеринин администрациясы соттолгондордун саламаттыгын коргоону камсыз кылуучу белгиленген санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы талаптардын аткарылышы үчүн жоопкерчиликте болот.

Соттолгон тамак ичүүдөн баш тартуу жөнүндө билдиргенде жана анын өмүрүнө коркунуч келип чыкканда медициналык көрсөткүчтөр боюнча мажбурлап тамактандырууга жол берилет.

 

Эркиндигинен ажыратылган адамдардын ден соолугун, беделин жана жеке турмушунун кол тийбестигин камсыздоо үчүн санитариялык-гигиеналык каражаттар жана процедуралар талапка ылайык (адекваттуу). Эркиндигинен ажыратылган адамдар ар дайым дааратканага, таза сууга, сууга түшүүгө, чайканууга жана керектүү жеке тазалык каражаттарына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

КР ЖАК 73-ст.

КМЭ МС 12-14, 15-16 (жеке гигиена), 17-19 (кийим жана төшөнчү)

Тамак-аш  

Соттолгондор эркиндигинен ажыратуу жайларында

сапаттуу жана ар түрдүү тамак менен камсыздалат, ошону менен бирге өздөрүнүн жеке эсептериндеги акчага тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү буюмдарды сатып ала алат. Тамак-аш гигиена стандарттарына ылайык даярдалган жана сервизделет.

 

Эркиндигинен ажыратылган адамдарга ден соолугуна пайдалуу диета үчүн жана жеке муктаждыктарына жооп берген, аларды канааттандырган, саны, сапаты жана ар түрдүүлүгү жагынан туура келген тамак-аш жана суусундуктар берилет. Тамак-аш гигиена стандарттарына ылайык жасалган жана сервизделген.

КР ЖАК ст.60

КМЭ МС ст.20,26 ЭАЖ КЭ  67-ст.

Ишмердүүлүгү жана башка адамдар менен сүйлөшүүгө жете алышы
Режими, ишмердүүлүк жүргүзүү мүмкүнчүлүгү (жумуш, окутуу, дин, бош убакытты пайдалануу)  

Соттолгондор телефон аркылуу сүйлөшүүгө, өз эсебинен каттарды жана телеграммаларды жөнөтүүгө укуктуу. Ошону менен бирге алар аманат жөнөтүүлөрдү ала алышат жана соода түйүндөрү аркылуу адабияттарды сатып ала алышат. Жумасына бир жолу фильмдер көрсөтүлөт. Соттолгондорго эркиндигинен ажыратуу жайларынын чегинен тышкары жерлерге кыска мөөнөткө барып келүүгө, жакындары менен жолугушууга уруксат берилет. Соттолгондордун сейилдөөсү күндүзгү убакытта өткөрүлөт.

 

Эркиндигинен ажыратуу шарттарында адамдарга таза абада эң эле аз дегенде бир саат дене бойлук көнүгүүлөр жеткиликтүү. Эркиндигинен ажыратылган адамдар камераларынан тышкары жерлерде убакыт өткөрүүгө, дене бойлук жана психикалык саламаттыгы, жеке адамдык өнүгүү жана коомго кайрадан кошулуу  үчүн алар маанилүү ишмердүүлүккө тартылууга  тийиш. Мындай ишмердүүлүк өзүнө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш: маанилүү жана акы төлөнүүчү ишти, билим алууну, көңүл ачуу жана маданий ишмердүүлүктү. Жумушка, ден соолукка жана коопсуздукка зарыл шарттар көзөмөлдөнөт. Эркиндигинен ажыратылган адамдар дин тутуу эркиндигинен пайдаланууга, өз динин практика жүзүндө  тутууга, өз дининин өкүлдөрү менен катташууга укуктуу.

КР ЖАК 61-69-ст.

КМЭ МС 21-,40-42-,65-66-,71-78-ст.

ЭАЖ КЭ 32-,38-48-ст.

ОПОЗ 3-,6-,8-ст.

КДАК ПЖ 28-ст.

ЖСУЭП 27-ст.

ПОА КП 13-ст.

Сүйлөшүүгө жете алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу  

Соттолгондорго түзөтүү мекемесинин аймагында: узактыгы төрт саатка чейинки кыска мөөнөттүү, узактыгы үч суткага чейинки узак мөөнөттүү жолугушуулар берилет.

Түзөтүү мекемелеринде эркиндигинен ажыратууну өтөп жаткан соттолгондорго аманат жөнөтүүлөрдү, берип жиберүүлөрдү жана бандеролдорду алууга уруксат берилет.

Соттолгондорго өзүнүн эсебинен каттарды жана телеграммаларды, алардын санына чек койбостон алууга жана жөнөтүүгө уруксат берилет.

Соттолгондорго ар бири узактыгы он беш мүнөткө чейинки телефон аркылуу сүйлөшүүлөргө укук берилет.

Тышкы дүйнө менен катташуу, тактап айтканда, үй-бүлөсү менен мамиленин сакталышы кат алышуу жана жолугушуулар аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш. Жолугушууларга жана тышкы контактыларга кандай гана шарттар коюлбасын, чектөөлөр түзүлүп, же байкоолор жүргүзүлбөсүн, алар зарылдык, негиздүүлүк менен шартталып, акылга сыярлык болууга тийиш.

Бардык эркиндигинен ажыратылган адамдар аларга келгендер менен жолугушууга, укуктук кеңешчилер менен конфиденциалдуу түрдө сүйлөшүүгө укуктуу болууга тийиш. Чет өлкөлүк адамдар дипломатиялык жана консулдук өкүлдөр менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга тийиш. Кармалган адамдар бул тууралуу үчүнчү тарапты кабарлоого, жактоочуга жетүү мүмкүнчүлүгүнө, аларга карата медициналык изилдөөнү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө, тез аралыкта сот алдында жооп берүү укугуна ээ болууга тийиш.

КР ЖАК 61-64-ст.

ЖСУЭП 23-ст.

КДАК ПЖ 15-,19-ст.

КМЭ МС 37-,92-ст.

ЭАЖ КЭ 59-ст.

ЖСУЭП 9-,14-ст.

БУУнун камактагы чет өлкөлүктөргө мамиле жасоо боюнча сунуштары.

Медициналык тейлөө
Медициналык тейлөө  

Эркиндигинен ажыратуу менен соттолгондорго дарылоо-алдын алуу жана санитардык-алдын алуучулук жардам көрсөтүү саламаттык сактоо жөнүндө мыйзамдарга, ошондой эле жаза өтөөнүн тартиби менен шарттарына ылайык уюштурулат жана жүргүзүлөт.

Соттолгондорду медициналык жагынан тейлөө үчүн дарылоо-алдын алуу мекемелери (ооруканалар, атайын ооруканалар: психиатриялык жана кургак учук ооруканалары; медициналык бөлүктөр), ал эми кургак учуктун активдүү түрү менен ооругандарды, өнөкөт аракечтерди жана баңгилерди, ВИЧ-жугуштуу оорусуна чалдыккандарды кармоо үчүн дарылоочу түзөтүү мекемелери уюштурулат.

 

Коомдо мааниси бирдей стандарт сыяктуу, адамдын кадыр-баркын, жеке жашоосун жана беделин сактоо шарттарында эркиндигинен ажыратылган бардык адамдарга медициналык тейлөө кызматынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилет, анын ичинде: медициналык, психиатриялык, стоматологиялык жардам, аялдар үчүн төрөткө чейинки жана андан кийинки жардам. Бардык адамдар медициналык изилдөөдөн өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

 

КР ЖАК 73-ст.

КМЭ МС 22-26, 82-83

ОПОЗ 9

КДАК ПЖ 24- 26

УСАЖК 6-ст.

Персонал
Персонал  

Кылмыш жазаларын талаптагыдай аткаруу, соттолгондордун укуктарын жана эркиндиктерин сактоо максаттарында, кылмыш-жаза аткаруучу мекемелердин жана органдардын ишин контролдоонун жана көзөмөлгө алуунун төмөнкү түрлөрү жүзөгө ашырылат:

– ведомстволук контроль;

– медициналык жана санитариялык-эпидемиологиялык контроль:

– мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын контролу;

– коомдук контроль;

– эл аралык контроль;

– прокурордук көзөмөлгө алуу;

– парламенттик контроль;

– соттук контроль.

 

Персонал бардык камактагы адамдарга алардын беделин сактоо менен, гумандуу мамиле кылууну камсыз кылышат.

Бардык персонал алардын кызматтык милдеттерин аткаруу жана адамдын укуктарын сыйлаган коопсуз жана тынч чөйрөнү камсыз кылуу  үчүн керектүү көндүмдөргө, мүнөздөмөлөргө, кесиптик билимдерге жана колдоого ээ. 

 

КР ЖАК 17-1-ст.

КМЭ МС 46-54-ст.

ЭАЖ КЭ 81-87

ЗОПКПЧ № 20 п.10

 

Кыйноолор боюнча билдирүү