КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Кыйноолордун алдын алуу деген эмне?

Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын каршы жыйын бул аныктамасына макул болот:

 “Кыйноо” – бул кимдир бирөөгө, андан же башка адамдан маалыматтарды алуу же мойнуна алдыруу максатында адамга дене-бойлук жана психикалык жапа чегүүнү келтирүү; ал же башка адам жасаган же жасады деп шектелген жосун үчүн аны жазалоо; ал эми ошого тете белгилүү бир жосундарды жасоо үчүн аны же башка адамды коркутуу же мажбурлоо, же ар кандай мүнөздөгү басмырлоого негизделген себеп боюнча кызмат адамы тарабынан, же болбосо анын шыкактоосу боюнча, анын жетегинде же унчукпаган макулдугу менен жасалган жосун.

 

Кыйноолордун алдын алуу – бул кыйноолорду колдонуу коркунучун азайтууга, ошону менен бирге коомдо кыйноолорго жана адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамилеге  жол бербестикти түзүүгө багытталган стратегиялык ишмердүүлүк. Кыйноолордун алдын алуу үч деңгээлдүү мамиле кылуунун жардамы менен турмушка ашырылат. Ал “Алдын алуу үйү” аркылуу жалпыланган.

Фундаменти

Биринчиден, кыйноолорго тыюу салууга жана алардын алдын алууга жана катаал мамилеге каршы багытталган натыйжалуу мыйзам базасы болууга тийиш.

Дубалдары

Экинчиден, бул ченемдер жана мыйзамдар практикада колдонулушу керек. Бул жагын мамлекеттик ведомстволордун (милиция жана башкалардын) кызматкерлерине карата агартуу иштерин жүргүзүү жана окутуу, процесстик кепилдиктерди камсыздоо (сапаттуу коргоону (жактоочуну) берүүнү, кармоону дароо тариздөөнү жана башка чараларды камсыз кылуу), ошону менен бирге мыйзам бузулган учурларда санкцияларды колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат. Мына ушул бардык чаралар “үйдүн дубалы” болуп эсептелет.

Коргоочу чатыры

Акырында, ченемдик база жана ал канчалык деңгээлде колдонуларын текшерүү үчүн көзөмөлдөө механизмдери болууга тийиш. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына көз карандысыз органдар тарабынан туруктуу баруулар көзөмөлдөө механизмдеринин бири болуп эсептелет. Мындан тышкары, жалпыга маалымдоо каражаттарында кырдаалды чагылдыруу, улуттук укук коргоо институттарынын жана эл аралык органдарынын сунуштары да көзөмөлдөө механизмдерине кирет. Ушунун бардыгы тең “коргоо чатырын” түзөт.

 

 

 

 

Кыйноолор боюнча билдирүү