КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Оштогу №-5 тергөө изоляторундагы клеткалар туткундар менен ашыкча толукталган

Оштогу №-5 тергөө изоляторундагы клеткалар туткундар менен ашыкча толукталган

КР кыйноолорду жана башка катаал, аламкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу Улуттук борборунун (КР КАУБ) Ош шаарындагы жана Ош облусундагы аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери 6-сентябрда Адилет Министрлигине караштуу ЖАМК №25 мекемесине (№-5 тергөө изоляторунда) атайын алдын алуучу иш сапар менен барышты.

КАУБ өкүлдөрү Ош шаарындагы, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ИИБнын убактылуу кармоочу изоляторунан  которулуп келген туткундар менен баарлашуу жүргүзүштү.

«Биринчи режимдик имараттын №26 -камерасында туткундарды жайгаштыруунун чеги сакталбай: 7 туткунга төрт керебет бөлүштүрүлгөн. Мындан тышкары, камеранын аянты “Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22чи беренесинде көрсөтүлгөн аянт ченемине туура келбейт. Экинчи режимдик мекеменин №31 камерасында да адамдар көп: 6 керебетте 8 адам жатат, бул мыйзамга каршы келет ”, – дейт КР КАУБнын Ош шаары жана Ош облусту боюнча аймактык башкармалыгынын башчысы Худаяржан Нарматов.

Улуттук борбордун аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери мыйзам бузуу фактылары боюнча акт түзүштү. Алар жаза аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө боюнча прокуратурага кайрылуу жөнөтүп, анда Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын №25 мекемесиндеги мыйзам бузууларды четтетүү боюнча прокурордук иликтөө жүргүзүү өтүнүчү жазылган.

Кыйноолор боюнча билдирүү