КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

Барууларды өткөрүү тартиби

Кыргыз Республикасынын “Кыйноолордун жана башка катаал, адамгерчиликсиз же адамдын кадыр-баркын басмырлаган мамиле же жазалоонун алдын алуу боюнча Улуттук Борбор жөнүндө” мыйзамы Улуттук Борбордун бардык эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына ар күнү жана ар убакта мекеменин же башка органдын жетекчилигине алдын ала эскертүүсүз баруу укугун бекитет.

  • Бул мыйзам аталган жайларда кармалган адамдар менен күбөлөрсүз, жекеме жеке аңгемелешүүлөрдү өткөрүүгө/
  • Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын администрациясынан эркиндигинен ажыратылган жана чектелген адамдарга карата жасалуучу мамиле жана камакта кармоо шарттары тууралуу маалыматтарды сурап билүүгө жана алууга, анын ичинде алардын макулдугу менен айрым адамдардын медициналык карталарын, администрациянын жаза берүү жөнүндөгү буйруктарын жана тескемелерин  алууга, белгиленген жайда адамдардын болушунун мыйзамдуулугун тастыктаган документация менен таанышууга;
  • Фото/аудио жана видеожазууларды өткөрүүгө, эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын администрациясынан алынган документтердин көчүрмөлөрүн алууга укук берет.
  • Эркиндигинен ажыратылган жана чектелген адамдардын коопсуздугун жана корголушун камсыздаган объектилерди фотого жана видеого тартуу администрациянын уруксаты менен, ал эми ошол жайларда кармалган адамдарды фотого жана видеого тартуу ошол адамдардын уруксаты менен жүргүзүлөт.

 

Биз алдын алма баруулардын 3 түрүн өткөрөбүз:

“Алдын алма баруу” деген эмне?

  1. Атайы баруулар.  Алар кыйноолорду жана катаал мамиле колдонуу, эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында өлүм фактысы жөнүндө ар бир билдирүү боюнча же айкын көйгөйдү изилдөө үчүн жүргүзүлөт.
  2. Ар тараптуу текшерүүнү жүргүзүү менен алдын алма баруу. Анын максаты – мекемедеги кырдаалды дыкаттык менен изилдөө, кыйноолорду жана катаал мамилени эркиндигинен ажыратылган жана чектелген адамдарга карата колдонуунун негизги себептерин аныктоо.  Анда эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кармалган адамдардын макулдугу менен аларга карата мамилеге тиешелүү маалыматтарды иликтөө менен жеке маектешүүлөрдү өткөрүү каралган.
  3. Орто аралыкта алдын алма баруу. Анын максаты – сунуштардын аткарылышын текшерүү жана алдын алма барууну жүргүзгөн топ менен кызматташкандыгы үчүн эркиндигинен ажыратылган жана чектелген адамдар, алар менен бирге эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайынын кызматкерлери куугунтукка алынбай тургандыгына кепилдик берүү.

 

Ким барууну өткөрүүгө укуктуу?

Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайына алдын алма барууну жүргүзүү үчүн Улуттук борбордун директору же аймактык өкүлчүлүктүн жетекчиси Улуттук борбордун кызматкерлеринен, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнөн, керек болгон учурда, түрдүү профилдеги эксперттерден топторду түзөт.

 

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук Борбордун ыйгарым укуктарыга эмнелер кирбейт?

Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук Борбор кыйноолор боюнча жеке даттанууларды кароого жана тергөөгө укугубуз жок. Бул – прокуратура органдарынын, соттук органдардын жана Акыйкатчынын (Омбудсмендин) прерогативасы (милдети). Бирок Улуттук борбор компетенттүү органдарга мониторинг баруунун жүрүшүндө аныкталган учурлар тууралуу билдирүүлөрдү жасоого милдеттүү.

Кыйноолор боюнча билдирүү