Токтогулдагы №52-түзөтүү мекемесинде: эт жок, сейилдөө жүргүзүлбөйт жана медициналык жардам көрсөтүлбөйт – деп Кыргызстандын кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борбордон билдиришти
Кыргызстандын кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Улуттук борборунун (КР КАУБ) Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү Тоткогул районунда жайгашкан №52 түзөтүү мекемесиндеги кармоонун алгылыксыз шарттары катталган факты боюнча облустук прокуратурага кайрылып, прокурордук текшерүү жүргүзүү өтүнүчүн билдиришти.
КР КАУБнын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери 2 -сентябрда күтүүсүздөн түзөтүү мекемесине барышкан.
Айып изоляторунда жаткан соттолгондордун бири эксперттер тобуна бутун күйгүзүп алып, анын негизинде бутунун санында ириңдүү жараат пайда болгонун айтып даттанган. Ага буга чейин медициналык жардам көрсөтүлгөн эмес. КР УАУБнын кызматкерлери кароолдон дарыгер чакырууну суранышып, натйыжада жараат иштелип чыгып, бейтапка ийне сайылган.
“22-августта дагы үч адам медициналык текшерүүсүз айып камерасына камалып, дээрлик эки жумага чейин аларга сейилдөөгө уруксат берилген эмес – бул жазасын өтөп жаткандарга карата ырайымсыз мамиленин бир көрүнүшү”, – деп билдиришти улуттук борбордун Жалал-Абад облусттук өкүлчүлүгүнөн.
Текшерүүчү топ мындан башка дагы мыйзам бузууларды аныкташкан. Тамак -аш кампасында кант жана жумуртка жок болсо, азык -түлүк блогундагы “дезинфекциялоочу бурчта” аптечка да жок. Идиш-аяктар кир, кесип-тууроочу тактайлар сынган. Ашпозчунун санитардык китепчеси жок (бул мыйзам бузуу түзөтүү мекемесине буга чейинки келген сапарда да белгиленген).
“Түшкү ысык тамак эти жок берилет. Ашпозчунун айтымында, ал соттолгондорго бир жумадан бери эле эти жок тамак даярдап келет. Бирок, муздаткычта чийки эт жатат. Балким, мекеменин жетекчилиги текшерүү учурунда муздаткычка салып койгонго жетишкендир”, – деп борбордун облустук өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү баамдоо менен бирге, “буга чейин деле бул жерде этке “эконом” кылып келишкен” деп билдиришти. Улуттук борбордун кызматкерлери прокуратурага бир нече жолу арыз жазышкан, бирок кайрылуулар эске алынган эмес.
КР КАУБнын облустук бөлүмүнүн өкүлдөрү акт түзүшүп, №52 түзөтүү мекмесиндеги мыйзам бузууларды четтетүү боюнча чараларды көрүү жана мындай кылмыштуу фактыларга жол бергендерди жазалоо өтүнүчү менен прокуратурага дагы бир ирээт кайрылуу жолдошту.
Коомдук желелерде бизди ээрчигиле