КРУГЛОСУТОЧНАЯ
ГОРЯЧАЯ ЛИНИЯ

logo+996 554 999 222

“Сабап, сексуалдык зомбулук менен коркутушту”: Өзгөндө пенсионер милиционерлерди кыйноолорду колдонду деп айыптады

“Сабап, сексуалдык зомбулук менен коркутушту”: Өзгөндө пенсионер милиционерлерди кыйноолорду колдонду деп айыптады

Кыргызстандын Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы 60 жаштагы Ж.Э. аттуу Өзгөн районунун Шерали айылы тургунуна карата милиция тарабынан кыйноо фактысын иликтөө өтүнүчү менен прокуратурага арыз жөнөттү.

II топтогу майып, Ооганстандагы согуштук аракеттердин катышуучусу 11 -октябрда Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун аймактык бөлүмүнө Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу арыз менен кайрылган.

Улгайган кишинин айтымында, 5 -октябрда ал багымдат намазынан кийин мечиттен чыгып баратканда, райондук милиция кызматкери аны кошунасынын үйүнүн жанына токтоткон. Милиционер үйдүн 85 жаштагы ээсин белгисиз адамдар сабап, натыйжада ал каза болгонун айткан. Каргашалуу кабар айылдыкты капалантты жана таң калтырды – ал маркум менен жакшы мамиледе болгон. Саат 10.00 чамасында участкалык милиция кызматкери ага чалып, РИИБнө келүүсүн суранган.

“Милиция бөлүмүнө жубайым экөөбүз келдик. Ал жерде бизди бир нече ыкчам кызматкерлер күтүп турган. Алар жана участкалык милиция кызматкери менен бирге биз үйгө келдик, ал жерде милиционерлер документтерди көрсөтпөстөн тинтүү жүргүздү. Шектүү эч нерсе табылган жок. Андан кийин мени кайрадан РИИБнө алып барып, биринчи кабаттагы кабинетке киргизишти”, – деп жазат жабырлануучу өз билдирүүсүндө.

Андан ары милиция кызматкерлеринин буйругу менен ал түшүнүк кат жазды. Бирок алар анын мазмунуна нааразы болуп, адамды бетине урушуп, уятсыз сөздөрдү айта башташты. Жыйынтыгында кармалган адам түшүнүк катты 15 жолу кайра жазууга аргасыз болгон.

“Алар мени сабай баштаганда мен алардан: “Эмнеге мени уруп жатасыңар? Мен 60 жаштамын. Токтоткула” деп сурадым. “Бирок бул адамдар токтогон жок. Алар мени кошунамды өлтүргөнүмдү мойнума алууну талап кылып, боор тушка, буттарыма жана башыма сабашты. Анан алардын бири таяк жана презерватив алып келип, сексуалдык зомбулук менен коркуткан. Алар менин шымымды чечип салышты. Мен полдо отуруп, ыйлап, аны токтотууну сурандым ” –  деп пенсионер эскерет.

Ж.Э.дин айтымында, ыкчам кызматкерлердин бири үйдүн дарбазасынын жанында токтоп турган машинаны кылмыш ишин токтотуу үчүн ага каттоону талап кылган.

“Унаа менин балама таандык. А эмне үчүн мен бул ишке тиешем жок болсо,  бир нерсе беришим керек?,- деп айттым. Бул учурда кабинетке дагы бир милиция кызматкери кирди. Ал мас болчу. Ал уят сөздөр менен сөгүнүп, оозума арак түкүрө баштады. Мен үчүн, мусулман катары, бул коркунучтуу эле. Ошентип мени таң аткыча шылдыңдашты. Алар мени 6-октябрда кечки саат тогуздар чамасында гана үйгө коё беришти”,-деп айтылат Шерали айылынын 60 жаштагы тургунунун билдирүүсүндө.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун аймактык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жабырлануучу Ж.Э.ден арыз келип түшкөн күнү эле  Ош облусунун прокуратурасына билдирүү менен кайрылышкан.

Кыйноолор боюнча билдирүү